Latest articles

Айтматовдун өмүрүндөгү бурулуш

Айтматовдун өмүрүндөгү бурулуш

Чыңгыз Айтматовдун өмүрүндөгү эң башкы бурулуш качан болгон? Же Эдиптик комплекс жана трагедия жөнүндө философиялык эссе.

Келечекте өчпөс из калтыра турган улуу адамдар өздөрүнүн жарыкчылыктагы милдеттери эмнеде экенин аңдап-түшүнө элек жаш кезинде башка жолдо адашып баратса, жараткан бирөөлөрдүн колу менен аларды өз жолуна салганга аргасыз болот окшойт.

Аны орустар “с божьей рукой” дешет, бирок аны тагдырлары, турмуш жолдору кескин өзгөргөндөр алгач трагедиядай кабыл алышып, көп убакытка чейин өкүттө жүрүшүп, аз эмес азап да чегишет. Анткени, кыйынчылыктар, сыноолор эч кимге жакпайт, кандай адам болбосун өмүрүн кыйынчылыксыз өткөрүүнү каалайт, тилейт. Качан улуу жараткандын болжогондору ишке аша баштаганда гана тагдырларына ыраазы болуп, бир кезекте тагдыр аларды жазалабай эле, чоң дөөлөттөргө карай бурганын түшүнөт.

СССРдин биринчи жана акыркы президенти Михаил Горбачев, өзүнүн эскерүүлөрүнө ылайык, 1955-жылы Москвадагы М.Ломоносов атындагы мамлекеттик университеттин юридика факультетин аяктагандан кийин алгач СССРдин Башкы прокуратурасына, анан Ставрополь крайлык прокуратурасына ишке орношууга аябай аракет кылган. Бирок союздук прокуратура жолдомосуна карабастан аны тажрыйбасы жок деп албай койсо, крайлык прокуратура стажерлуктан башканы сунуш кылбаган соң, комсомолдун крайкомунан иш издөөгө аргасыз болгон.

Эгерде анын эңсегени ишке ашып, союздук прокуратуранын аппаратына же анын крайлык түзүмүндөгү туруктуу бир кызматка жайгашып калса, ал аябай кубанмак, келечекте шаардык же крайлык прокурор, мүмкүн Орусиянын, союздун масштабдарындагы прокуратура органдарына жетекчи да болмок. Бирок, эч качан мурдагы союздун башчысы боло алмак эмес. Анткени, ал убакта прокуратура органдарынан партиялык, мамлекеттик жетекчилик кызматтарга тартуу өтө эле сейрек болгон.

Чыңгыз Айтматов Фрунзедеги айыл чарба институтун зоотехника адистиги боюнча мыкты баалар менен аяктагандан кийин адегенде Москвадагы Тимирязев атындагы айыл чарба академиясынын аспирантурасына барып тапшырганын элдин көпчүлүгү билбейт болушу керек, анткени, ал тууралуу улуу жазуучу эскерүүлөрүндө эч нерсе калтырган эмес, азыркыча айтканда, эмгек китепчесинде да жазылбаган.

Сыягы, ал бир айдай аспирантурада болгонун, андан чыгарылгандан кийин кандай депрессиялык абалга туш болгонун эстегиси да келбесе керек.

Ал тууралуу Жогорку Кеңештин экс-спикери Зайнидин Курмановдун атасы, белгилүү юрист Карпек Курманов гана өз эскерүүсүндө жазган.

Ал Чыңгыз Айтматов менен катарлаш барып, мурдагы Союздун Илимдер Академиясынын мамлекет жана укук институтунун аспирантурасына кирет. Ал бир аз окугандан кийин институттун жетекчилигинен Аксельруд деген адам чакырып, Союздук Илимдер Академиясынын Кыргызстандагы филиалынын окумуштуу катчысы Найдичтен келген катты көрсөтөт.

Ал катта Кыргызстандан барган ата теги ишенимсиз бир катар жаштардын аспирантураларда окуп жаткандыгы айтылып, аларды окууларынан чыгарып, Кыргызстанга жөнөтүү талап кылынган экен. Каттагы тизмеде "Эл душманынын" баласы деп - Чыңгыз Айтматов, манаптын баласы катарында - Карпек Курманов өзү, кулакка тартылгандын баласы деп Рафик Тургунбеков, дагы эки адам жүргөн болот.

Аспирантурадан айдалгандардын айрымдары Кыргызстанга келгенден кийин республиканын ошол убактагы жетекчиси И.Раззаковго кирип, андан окууларына кайра орноштурууга жардам сурашат. Исхак Раззаков билим алууга аракеттенгендерди дайыма колдогон, колунан келген жардамын аяган эмес.

Ал эс алууда жүргөн Кыргызстан КП БКнын илим жана маданият бөлүмүнүн башчысы Асылбек Алтымышбаевди таптыра албай, Союздук Илимдер Академиясынын филиалынын башчысы Иса Ахунбаевди чакырып, аспирантуралардан айдалгандарга тезирээк жардам кылууну тапшырат. Ал И.Раззаковдун издетип жатканын угуп түндөп жетип келген А.Алтымышбаев менен жолугушкандан кийин репрессияга кабылгандардын балдарынын Москва, Ленинград шаарларындагы аспирантураларда окуулары ылайыксыз экендиги жөнүндө КПСС БКнын катчысы М.А. Сусловдун колу менен жашыруун кат келгендигин, Найдич анын көрсөтмөсүн гана аткаргандыгын айтат.

Эгерде КПСС БКдан жер-жерлерге чындап эле андай каттар жөнөтүлсө, ал жөнүндө Москвадагы абройлуу илимий мекемелердин, ЖОЖдордун жетекчилери, Исхак Раззаков эмне үчүн билишкен эмес? Адатта андай документтер биринчи кезекте түздөн түз окуу жайларына жиберилген.

Бул кошумча тактоону талап кылган өзүнчө маселе, бирок Чыңгыз Айтматовдун айыл чарба академиясынан чыгарылышы - анын өмүрүндөгү эң башкы бурулуш мезгил болгондугун айткыбыз келет.

Эгерде ал академияда калып калса, ал бардык күчүн жакшы окуп, кандидаттык диссертациясын тезирээк жактоого жумшамак, ал дайыма жакшы окугандыгы менен айырмаланган. Анан илимий мекемелердин же ЖОЖдордун биринде эмгек жолу башталмак.

Агабыздын талантына кошо дымагы, кызматты жакшы көргөндүгү да болгондугун эске алганда, ал докторлук диссертациясына токтоосуз киришмек. Анда ал дүйнөгө белгилүү жазуучу, ойчул болбостон айыл чарбасы боюнча Кыргызстандагы алгачкы, доктор, профессорлордун бири болмок.

“Мен Горький атындагы адабият институтунун эки жылдык курсуна барбасам, өзүмдүн чыгармаларымды эч качан жаза алмак эмесмин” деген ал кийин. Анткени, ал чыныгы чоң адабияттын маани-мазмунун, көркөмдүк, эстетикалык өзгөчөлүгүн Горький атындагы адабият институтунда түшүнгөндүгү - анын ага чейинки жана андан кийинки чыгармаларынан ачык эле көрүнүп турат.

Сөзсүз, ал окумуштуу болгондон кийин да көркөм адабиятты кастарлап окугандардын бири бойдон калмак, адабиятка жаш кезинен бир кызыккан адам аны оңой менен таштабайт.

Мүмкүн, колу бошой калганда аңгемелерди, повесттерди да жазып турмак, бирок алардын көркөмдүк, эстетикалык деңгээлдери кандай болот эле? Кесипкөй жазуучулук менен бош убактарда эрмек кылгандын айырмасы асман менен жердей да. Ал да өзүнчө маселе.

Ток этерин айтканда, М.Сусловдун жашыруун каты Чыңгыз Айтматовду айыл чарбасынан биротоло чыгарып, адабиятка киргизип салган десек болот. Ал Москвадан келгенден кийин бир топ жыл зоотехник болуп иштеген, бирок илимпоздукка жолотушпагандан кийин эс-дарты адабиятта болуп калган.

Чыңгыз Айтматовду 1978-жылы Кыргызстан КП БК Социалисттик Эмгектин Баатырлыгына көрсөткөндө Саясий Бюронун көпчүлүк мүчөлөрү “бул сыйлыкты Шолохов менен Леонов деле 50 жашында алышкан эмес” деп каршы чыгышканда, компартиядагы экинчи адам болгон М.А.Суслов колдоп чыгып, Айтматовдун пайдасына чечтирген.

Ал да мүмкүн, аны өзү билбесе-сезбесе да Айтматовдун алдындагы күнөөсүн актоо үчүн жогортон жиберилген аянды аткаргандыр.

...М.Горбачев КПСС БКнын Башкы катчысы болгондо 1955-жылы Ставрополдо крайлык прокурор болуп турган В.Н. Петухов өзүнүн эки китебине кошо “ошондо мен сага жакшы иш кылган экем” деген мааниде кат жөнөткөн экен. Ал жөнүндө М.Горбачев өзүнүн эскерүүлөрүндө “мен ал жөнүндө ойлогон эмесмин, бирок көңүлүмдө чоң так калгандыгы чын” дейт.

Ооба, кийинкиси жакшы болсо деле жаш кезде көргөн ыдык эч качан унутулбайт. Жаш кезинен "эл душманынын" баласы аталып жүрүп, турмушундагы чечүүчү учурдагы бир жолу анын запкысын тарткандыгы Чыңгыз агабыздын көңүлүндө өчпөс так калтырган.

Аны бүткүл дүйнөлүк атак-даңк, толгон-токой сыйлыктар, наамдар да жууп кетире албагандыгын “Кылым карытар бир күн” романы баштаган бир катар чыгармалары, публицистикалары ырастады.

Эгерде Чыңгыз Айтматов башынан ошондой кыйынчылыктарды, сыноолорду өткөрбөсө, мүмкүн, ал биз билген Айтматов да болмок эмес.

Стефан Цвейгдин айтымында, “азап-тозокторду башынан өткөргөн адам гана турмушту терең түшүнө алат”. Сыноолор канчалык оор болсо, эрки күчтүүлөрдө ошончолук жашоого болгон ынтызарлыкты, жаратмандыкты жаратат.

Ал өмүрүнүн акыркы жылдарында фаталдык нерселер, өксүктөр, трагедиялуулук жөнүндө көп ой жүгүрткөн, ага акыркы романы күбө, ошол учурларда анын көңүлүнө жарыкчылыктагы улуу миссиясы атасы камалганда эле башталгандыгы жөнүндө да күдүктөр келгендир.

Анткени, чыгармачылыкта гана эмес, коомдук турмуштун башка чөйрөлөрүндө да адамдын жаш кезиндеги чоң өксүгү, Эдиптикиндей комплекси анын андан аркы тагдырында чоң роль ойной тургандыгы же элестүү айтканда, ал иш-аракеттериндеги түбөлүк камчылоочу, сүрөмөлөөчү фактор болору анын “Кассандра тамгасы” романында ынанымдуу ачылып берилген.

Андрей Крыльцов - белгилүү деңгээлде Чыңгыз Айтматовдун өзү. Андрей Крыльцов таштанды баланын комплекси гана аны камчылап отуруп, чоң окумуштууга айландырганын моюнуна алат.

“Сен аны моюнуңа алгың келчү эмес, бирок сенин бардык иштериңе баягы таштанды жол көрсөтүп турчу” дейт ал өзүнө. Эгерде Андрей Крыльцов акыркы күндөрүндө иксроддорду жаратканын, өзүнө окшоп гендик инженерия менен алектенген окумуштуулардын иштерин трагедиялуу кылмыш катарында бааласа, Чыңгыз Айтматов өмүрүнүн акырында “жашоо - бул жашоону даңазалаган трагедия” деген жыйынтык чыгарган.

Анын ишениминде, трагедиялуулук адамдын турмушунда болбосо да, рухунда сөзсүз болушу керек, ал зарыл нерсе, анын ырастоосу боюнча, ал - бакыттын айрылгыс эгизи. Ансыз жашоонун шириндиги да, кайталангыстыгы да сезилбейт. Сүрөткердин рухунда трагедиялуулук канчалык күчтүү болсо, ал турмушту ар жагынан ошончолук терең ачып берүүгө гана түрткү болот.

Улуу жазуучубуздун рухунда трагедиялуулуктун бекем орноп калуусуна (“Саманчынын жолу”, “Гүлсарат”, “Ак кеме”, “Кылым карытар бир күн”, “Кыямат”, “Тоолор кулаганда”) 1950-жылдардын башталышындагы биз айткан окуя да өз таасирин тийгизгени шексиз. Бирок, анын жаратмандыгы күчтүү оптимисттик трагедия болгону да эч кимде шек туудурбайт деп ойлойбуз.

Папан Дүйшөнбаев, Эл аралык Айтматов сыйлыгынын ээси

Original url : www.azattyk.org

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...