Latest articles

Кыргызстанда пенсия жана дарыгерлердин айлыгы көбөйөт

Кыргызстанда пенсия жана дарыгерлердин айлыгы көбөйөт

Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия көбөйөт. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев президент Сооронбай Жээнбеков менен пенсияларды жана медиктердин айрым категорияларына айлыктарды жогорулатуу маселеcин талкуулаган учурда билдирди.

Өкмөт башчынын айтымында, 1-октябрдан тарта орточо пенсиянын өлчөмү 378 сомго көбөйүп, 5682 сомду түзөт. Ошол эле учурда пенсиянын камсыздандырылган бөлүгү орточо эсеп менен 10,4% жогорулайт.

Социалдык фонддун маалыматына караганда, өлкөдө 648 миң пенсионер бар. Пенсиясын жогорулатууга жалпы 744,4 млн. сом керектелет.

Мындан сырткары үй-бүлөлүк дарыгерлердин, жалпы практикадагы дарыгерлердин, үй-бүлөлүк медициналык айымдардын жана фельдшердик-акушердик пункттардын орто медициналык кызматкерлеринин айлык акылары жогорулайт. Медициналык кызматкерлердин айлыктарын жогорулатууга каражат республикалык бюджеттин эсебинен 2018-жылдын 1-октябрынан тарта каралды.

Original url : www.azattyk.org

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...