Latest articles

Макмал боюнча эл арасында коомдук талкуулар өтүүдө

Макмал боюнча эл арасында коомдук талкуулар өтүүдө

Фото: Коомдук талкуулар 13 айылда өттү.

“Кыргызалтын” ишканасы Тогуз-Торо районунда Макмал алтын кенинин ишин узартуу маселесине байланыштуу эл арасында коомдук талкууларды өткөрүп жатат.

Мекеменин маалыматына караганда, бир жума ичинде Жалал-Абад облусунун 13 айылында эл менен жолугушуу өткөрүлдү.

“Кыргызалтындын” жетекчиси Алмаз Алимбеков инвесторду тартуу иши ачык жүргүзүлөрүн айтты. Мында жергиликтүү тургундар менен диалог маанилүү экенин белгиледи.

Инвесторду тандоо сынагы быйылкы жылдын аягына чейин өтөрү, комиссиянын курамына Тогуз-Торо районунун беш айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү да кирери айтылды.

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев кен боюнча сынак өткөрүүгө даярдыкты жана жергиликтүү эл арасындагы түшүндүрүү иштерин күчөтүү зарыл экенин ушул айдын башында “Кыргызалтындын” ишмердүүлүгүнө байланыштуу жыйында айткан.

“Макмалалтын” комбинатынын аймагына "Жи Эл Макмал девелопинг" компаниясынын ишмердигине каршы жергиликтүү тургундар жыл башынан бери бир нече жолу митинг өткөрүшкөн. 11-апрелдеги нааразылык акциясында ишканага таандык, жаңы курулуп жаткан имарат өрттөлгөн.

Original url : www.azattyk.org

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...