Latest articles

Прокуратурада жарандардын арыздары менен иштечү бөлүмдөр түзүлдү

Прокуратурада жарандардын арыздары менен иштечү бөлүмдөр түзүлдү

Башкы прокуратуранын башкармалыктарында жарандардан түшкөн арыздар жана кайрылуулар боюнча иштечү атайын бөлүмдөр түзүлдү. Бул тууралуу маалымат ушул органдан алынды. Маалыматка ылайык, Коопсуздук кеңешинин 8-февралдагы жыйынынан соң бул органга кайрылгандар көбөйгөн. Бул кайрылууларга өз убагында жооп берүү жана чара көрүү максатында Башкы прокуратурада түзүмдүк өзгөртүүлөр болуп, атайын бөлүмдөр түзүлдү.

Ал бөлүмдөрдө иштегендер арыздар менен гана иштемекчи. Ошондой эле алар аймактарга чыгып, кайрылууларды текшерет.

Быйыл 8-февралда Коопсуздук кеңешинин жыйынында президент Сооронбай Жээнбеков коррупция менен күрөштү күчөтүүнү тапшырган. Тапшырманын алкагында Башкы прокуратура жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет мурда токтотулган жана кыскартылган иштерди кайрадан карап чыгууда.

Original url : www.azattyk.org

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...