Latest articles

Эртең дүйнөдө Аталар күнү белгиленет

Эртең дүйнөдө Аталар күнү белгиленет

Эртең, дүйнө жүзүндө «Аталар күнү» белгиленет. Тагыраак айтканда, бир катар өлкөлөрдө июнь айынын үчүнчү жекшембиси аталар күнү катары белгиленип келет.

Бул күндүн мааниси, максаты балдардын жашоосунда, тарбиясында аталардын ордун белгилөө болуп саналат. Анткени адистердин айтымында бала тарбиясында көпчүлүк учурда эненин орду белгиленгени менен, атанын орду да зор. Мыкты ата болуу үчүн бир гана аны материалдык жактан камсыздап эмес, ага көңүл буруу маанилүү экендигин белгилешет.

Аталар күнү биринчи жолу 1910-жылы 19-июнда белгиленген. Майрамдын демилгечиси Додд атасына ыраазычылык иретинде көтөрүп чыккан. Анткени атасы Уильям Смарт 6 баласы менен жубайы каза болгондон кийин балдарын татыктуу өстүргөн деп айтылат маалыматта. Бүгүнкү күндө аталарга ыраазычылык билдирүү майрамы 90дон ашык мамлекетте белгиленип келет. Акыркы жылдары Кыргызстанда да бул күнү социалдык тармактарда аталарына ыраазычылык айтып, майрамы менен куттуктагандардын саны арбып барат.

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...