Latest articles

Абылгазиев: Энергетика мекемелери маселеден алаксытыш үчүн түзүлгөн

Абылгазиев: Энергетика мекемелери маселеден алаксытыш үчүн түзүлгөн

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев парламентте депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, энергетика тармагын кескин сынга алды.

- Энергетика тармагында абдан чоң көйгөй бар. Акционердик коом, мамлекеттик комитет кылып түзүлгөнүн карап жатабыз. Булар кандай максатта түзүлгөн жана канчалык натыйжалуу болдубу? Мен ачык эле айтайын, булар көйгөйдөн алаксытыш үчүн түзүлгөн тармак. Бюджетке салым кошчу тармактарды бир жерге берип, ишин билбеген жетекчилерди койгон. Азыр мен талдоо жүргүзүп жатам.

Өкмөт башчы Абылгазиев күзгө чейин бул тармакты реформа кылуу жагынан сунуш киргизээрин, анын ичине электр энергиясын сатуу, тариф сыяктуу маселелер камтыларын кошумчалады.

Бүгүн, 14-июнда Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2017-жыл үчүн отчеттун талкуулап жатат.

Original url : www.azattyk.org

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...