Latest articles

Президенттик стипендияга документтерди кабыл алуу жарыяланды

Президенттик стипендияга документтерди кабыл алуу жарыяланды

Президентке караштуу Билим берүү маселелери боюнча комиссия 2017-2018-окуу жылынын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик жогорку окуу жайларынын студенттери үчүн Президенттик стипендия ыйгаруу боюнча конкурска документтерди кабыл алуу жөнүндө жарыялайт.

Конкурска мамлекеттик жогорку окуу жайларынын күндүзгү окуу бөлүмүнүн жакшы окуган бакалавриат программасы боюнча 3-курстун, ал эми 5 жылдык жана андан ашык программа боюнча 4-курстун студенттери, конференциялардын катышуучулары, конкурстардын жана олимпиадалардын жеңүүчүлөрү, изилдөө ишин активдүү жүргүзгөн студенттер катыша алат.

Бирдей шарттар болуп калган учурда Президенттик стипендияларды ыйгарууда артыкчылык жетим балдарга, ата-энесинин камкордугусуз калган балдарга, бала кезинен майыптарга берилет.

Документтердин пакета төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

ЖОЖдун ректорунун коштомо каты;

Ар бир факультеттин өңүтүндө күндүзгү окуу бөлүмүнүн студенттеринин саны жөнүндө маалымат;

Өзү тууралуу эссе;

Талапкердин резюмеси;

Талапкердин окуудагы, илимий жана коомдук иштердеги жетишкендиктерин, өзгөчө айырмалангандыгын ырастоочу башка документтер;

ЖОЖдун илимий кеңешинин чечими.

Документтер ушул жылдын 30-июнуна чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат.

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...