Latest articles

Жолдору начар абалдагы өлкөлөрдүн тизмеси жарыяланды

Жолдору начар абалдагы өлкөлөрдүн тизмеси жарыяланды

Глобалдык атаандаштык индекси жолдору эң начар абалдагы өлкөлөрдүн тизмесин жарыялады.

Тизмеге 137 мамлекет кирген. Жолдордун сапаты бирден жетиге чейинки көрсөткүчтө бааланган. Бирок бир да мамлекет жогорку балл алган эмес.

Эң начар абалдагы жолдор Мавританияда табылган, андан кийинки орунда Демократиялык Республика Конго жана Гаити турат.

Төртүнчү жана бешинчи орунда Мадагаскар жана Гвинея турат, бул өлклөр 7 баллдын ичинен 2,2 балл алышкан. Андан кийинки тизмеде Йемен, Парагвай, Украина, Мозамбик жана Молдавия өлкөлөрү бар.

Ал эми сапаты мыкты абалдагы жолдор Арап эмираттары, Сингапур, Швейцария, Гонконг, Нидерланды, Япония, Франция, Португалия, Австрия жана АКШ мамлекеттеринде экени аныкталды.

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...