Latest articles

Президенттин жаӊыланган сайты иштей баштады

Президенттин жаӊыланган сайты иштей баштады

Кыргызcтандын президентинин жаңыланган расмий сайты иштей баштады. Бул тууралуу президенттин маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мамлекет башчысынын расмий сайтын жаңылоо зарылчылыгы технологиялардын өнүгүшүнө байланыштуу болгону, сайттын жаңы версиясы компьютер, ноутбук, уюлдук телефондордо жана планшеттерде да иштей турганы айтылат.

«Жаңы сайтта негизги басым маалыматтын окумдуулугуна жасалды, ошондой эле фотогалереяны баардык түзүмдөргө жүктөп алуу мүмкүнчүлүгү түзүлдү, иш кагаздары, фото жана видео материалдар менен иштөө жөнөкөйлөштүрүлдү», — деп айтылат президенттин басма сөз кызматы тараткан маалыматта.

Мындан тышкары, «жарандардын кайрылуусун» кабыл алуу системасы жөнөкөйлөтүлүп, бир нече графаларды толтуруу менен кайрылууну жөнөтүү мүмкүн болгону маалымдалды.

Президенттин сайты 2008-жылдан бери алгачкы ирет акыркы технологияларды колдонуу менен иштелип чыккан. Сайт мурдагы www.prezident.kg дарек боюнча жеткиликтүү.

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...