Latest articles

Чек ара көйгөйү качан чечилет?

Чек ара көйгөйү качан чечилет?

Эгемендикти алгандан бери чек ара көйгөйү чечилбей келет. Айрыкча үстүбүздөгү жылдын башынан тартып, кыргыз-тажик чектешкен чек арада чыр-чатак токтобой койду. 2014-жыл башындагы чатактарды, атышууну эске албаганда, май айында эле эки жолуу кагылышуу болуп өттү. Акыркы 7-майдагы окуяда Баткен облусундагы Жака-Өрүк айыл аймагында кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда жаңжал чыгып. Анын кесепетинен 14 кыргызстандык жабыркап, анын тогузу ооруканага жаткырылган. Ошондой эле кыргыз тараптан бир дүкөн, май куюучу жай, эки контейнер жана эки унаа өрттөлгөн. Ал эми Тажикстан тараптан 8 адам жараат алганы айтылууда. Натыйжада чек арадагы кагылышуу мамлекетке 7 миллион сом зыян алып келди. Бул окуяга байланыштуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Тажикстанга нота жолдогон. Ал ортодо ЖККУнун мамлекеттер башчыларынын Москвада өткөн бейформалдуу жолугушуусунда, Кыргызстан менен Тажикстандын Президенттери Алмазбек Атамбаев жана Эмомали Рахмон кыргыз-тажик чек арасындагы чыр-чатак тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Анда өлкө башчылар ушуга окшогон чыр-чатактарды мындан ары болтурбоо максатында мамлекеттик чек араларды делимитация жана демаркация процессин тездетүү керектигин билдиришти.

Ушул иштердин алкагында “Акыйкат таразасы” программасында Мамлекеттик чек ара кызматынын төрөгасы Раимберди Дүйшөнбиев менен маек курдук. Анын айтымында эзелтен “кыргыз-тажик” элдери тынч жана ынтымакта жашап келишкен, кээ бир түшүнбөстүктүн айынан ушундай чатактар болууда. Чыр чыккан жер делимитация боло элек, ошондуктан ушундай жагдай жаралды. Азыркы убакта тиешелүү органдар менен биргеликте эки жактан тең комиссия иштеп жатат. Күнөөлүүлөр табылып, алар сөзсүз жазаланат деген ишеним бар..........................

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...