Latest articles

Абдразаков: Туризм жагынан Өзбекстанга уттуруп жатабыз

Абдразаков: Туризм жагынан Өзбекстанга уттуруп жатабыз

Фергана шааарында Кыргызстан менен Өзбекстандын чектеш облус жетекчилеринин алгачкы жыйыны болду. Ага Кыргызстандын премьер-министри Сапар Исаков, Өзбекстандын өкмөт башчысы Абдулла Арипов баштаган жетекчилер катышты. Коңшу өлкөлөрдүн алака-катышы тууралуу экономист, отун энергетика жаатындагы адис Эркин Абдразаков менен «Күн чабытта» маектештик.

Марал: Өзбекстанда болгон жолугушууга Жалал-Абад, Ош, Баткен облустарынын жетекчилери, өзбек тараптан Фергана, Андижан, Наманган облустарынын хакимдери катышты. Бул аймактарда чечилбей келе жаткан кандай маселе, көйгөйлөр бар?

Эркин Абдразаков: Биринчиден эки өлкөнүн мамилесинде жылыштар байкалып жатат. Кыргызстан менен Өзбекстандын президенттеринин жолугушуусунан кийин өкмөт башчылар тиешелүү министрлерди, ведомство, күч структураларынын жетекчилерин алып барып, Ферганада жолугушуу өткөрдү.

Ал эми көйгөйлөр болсо мурдатан эле келе жаткан чек ара маселеси бар. Чек аралардын 85 пайызы такталды дегенбиз, бирок калган 15 пайызы эң оор аймактар. Эгер эки тарап чек араларды делимитация-демаркация маселесин чечип ала турган болсо биргелешип пайдалануудагы суу ресурстары, электр энергиясы, жол маселеси дагы чечилет. Өзбекстанда суу тартыш болгондуктан эки тарап тең пайдаланып келген чарбалык субъекттилерди так даана тагдырын чечип алуу ылаажын деп эсептейм.

Экинчиден нормативдик-укуктук ченемдерде дагы маселе бар. Ошол эле Чек ара, бажы постторунун иштеши боюнча маселе бар. Өзбекстан өзүлөрүнүн ишкерлерине, кызматкерлерине чоң колдоо кылып, башка жактан ресурстарды алып келгенге шарт түзүп берип жатат. Ошол эле учурда Өзбекстандан пахтаны же кайра иштетүүчү сырьего тыюу салган. Бул жагынан алганда келечекте дагы сүйлөшүп чече турган көйгөйлөр бар.

Марал: Кыргыз-өзбек өкмөт башылары жетекчилик кылган жолугушууда региондор аралык кызматташтык, соода-экономикалык жана инвестициялык маселелер каралды. Эки мамлекеттин чектеш аймактарында экономикалык кызматташууда кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

Эркин Абдразаков: Эң чоң мүмкүнчүлүк бул биздин Кара-Суу базарыбыз. Ал Орто Азиядагы эң чоң базарлардын бири. Экинчи бул транспорттук коридор деп айтсак болот. Ал Улуу Жибек жолундагы Кытайдан Индияга Кара-Корум аркылуу өтө турган жол. Бул эң мыкты жол. Андан сырткары Кыргызстан-Өзбекстан-Кытай темир жолун курабыз деп жатышпайбы. Эгер бул темир жол курула турган болсо Кыргызстан транзиттик жүктөрдү өткөрүү менен бир топ каражат алып, аны менен өзүбүздүн дагы жүктөрдү башка жактарга алып өткөнгө мүмкүнчүлүк түзүлөт эле.

Андан сырткары Өзбекстан Кыргызстанда ГЭСтерди курууга жардам берели деп, кызыктар болуп жатат. Тоо кен тармагында дагы иштешели дешкен. Бул жаатта алардын тажрыйбасы бар. Дагы бир маселе биз дыйкандар, ишкерлер жүктөрүн ташууда СССР мезгиленен калган темир жолду толук пайдаланбай жатат. Өзбекстан Кыргызстанга силер темир жол аркылуу өтсөңөр транзиттик болот жана 30 пайыз арзандатып беребиз деген. Муну биз ушуга чейин толук пайдаланбай келебиз.

Марал: Кыргыз-өзбек жетекчилеринин жолугушуусунда Туризм тармагында биргелешкен ишканаларды куруу жөнүндө сөз болгон экен. Туризм багынтында кандай мүмкүнчүлүктөр бар?

Эркин Абдразаков: Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында Ислам динине жана биздин тарыхый, маданий байлыктарыбызга байланыштуу ыйык жерлерибиз көп. Мына ошол жерлерге башкача айтканда «дикий туризм» кылып, эч нерсе акча төлөбөй келип-кетип жатышкандары өкүнүчтүү. Ушуну жергиликтүү бийлик, Туризм агенттиги менен биргеликте колго ала турган болсо жакшы болмок. Аны менен кошо туристтерди тейлөөнүн сапатын жакшыртуу менен мамлекеттин казынасын толтурууга мүмкүнчүлүк болот эле.

Мисалы Арсланбапка, Пачатага, Сушибланга, Ноокат райоунундагы Шахахабарга Өзбекстандын элинин кызыгуусу зор. Бирок ал жерлерде жакшы шарттар түзүлгөн эмес. Ал эми Өзбекстан болсо атайын автобустарды уюштуруп алып Самарканд, Ташкент, Бухара, Андижан, Ферганага чейин биздин туристтерди алып кетишүүдө. 3 миң 5,5 миң сомдун терегиндеги акчага 3-5 күндүк кылып кыдырдып жатышат. Ошол иштерди бизде уюштурса эмнеге болбосун. Бул жааттан өзбек тарапка уттуруп жатканыбыз жана биздин чиновниктердин кашаңдыгы байкалып турат.

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...