Latest articles

Жалал-Абадда “Ишкердүүлүк мектеби” ачылды

Жалал-Абадда “Ишкердүүлүк мектеби” ачылды

Жалал-Абад шаарында жаш жана жаңы бизнес баштоочулар үчүн окуу курстары ачылды.

Жалал-Абаддагы “Стартап Центр” бизнес жана ишкердүүлүк чөйрөсүнүн сырларын үйрөтүүчү окуу курстарын баштады. Бул тууралуу аталган борбордун ыктыярчысы Сауле Эмилбек кызы билдирди. Маалыматка ылайык, буга чейин бизнес сүйүүчүлөр үчүн акысыз семинар-тренингдерди байма-бай уюштуруп келишкен, эми атайын “Ишкердүүлүк мектеби” деп түзүштү. Мында бир группага 20-30 адамга чейин кабыл алышат, алар бир жарым ай окушат жана 1300 сом акы төлөшөт. Алгачкы түзүлгөн группага 16 адам катталган. Кийинки айлар үчүн жазылуулар уланууда. Ал эми курстагы бизнес сабактарын профессионал бизнесмендер, тажрыйбалуу тренерлер алып барышат.

Кошумчалай кетсек, “Стартап Центр” мындай окуу курстарын уюштуруудан сырткары, бизнес жүрүтүүчүлөр үчүн бизнес-план түзүү, грант таап берүү, тендерге катышуу документтерин толуктоо жана башка жумуштарына жардам берип келишет.

Роза АКМАТЖАН кызы, “Аймак”

Original url : aimak.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...