Latest articles

Нурак Абдырахмановдун 70 жылдыгына карата комузчуларга сынак жарыяланды


Нурак Абдырахмановдун 70 жылдыгына карата комузчуларга сынак жарыяланды

Кыргыз Республикасынын Эл артисти, залкар комузчу, ырчы жана аткаруучу Нурак Абдырахмановдун 70 жылдыгына карата комузчулар арасында сынак жарыяланды. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.

Маалыматка караганда, сынакка Нурак Абдырахмановдун күүлөрүн жогорку чеберчиликте черте билген 35 жашка чейинки комузчулар катыша алат. Талапка ылайык, катышуучулар залкар комузчунун «Соң-Көл», «Улуу тоолор», «Мезгил жаңырыгы», «Аттила Хан», «Ата мурасы», «Азаттык камбаркан», «Өмүр көчү», «Алтын балалык», «Үркүн» жана «Шаттык» чыгармаларынын ичинен 3 күүнү тандап чертиши керек.

Сынак 9-ноябрда Т.Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын кичи залында өтөт.

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...