Latest articles

Каттоо кызматы: Үгүтчүлөргө паспорттогу маалыматтарды бербегиле

Каттоо кызматы: Үгүтчүлөргө паспорттогу маалыматтарды бербегиле

Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарды президенттик шайлоого катышып жаткан талапкерлердин үгүтчүлөрүнө паспорттун көчүрмөсүн жана идентификациялык номерлерин бербеши керектигин эскертти. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, үгүт иштери башталгандан бери айрым талапкерлердин үгүтчүлөрү шайлоочуларды ID паспортун биометрикалык паспортко алмаштырууга чакырып, болбосо шайлоого катыша албай калышарын айтышууда. Жарандар добуш берүүгө ID паспорт менен да, алмаштырылган жаңы паспорту менен да катыша алат.

Мындан тышкары Мамлекеттик каттоо кызматы жарандарды катталган аймактык шайлоо комиссиясына барып же БШКнын расмий сайтынан, ошондой эле 119 номери аркылуу байланышып, шайлоочулардын тизмесинен өздөрүнүн бар же жогун кечиктирбей текшерип алууга чакырууда.

Айта кетсек, президенттик шайлоо 15-октябрда болот. Учурда ага катышууну каалаган 13 талапкер үгүт иштерин жүргүзүп жатышат.

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...