Latest articles

Жол кайгуул кызматында бош кызмат орундарына сынак өтүүдө

Жол кайгуул кызматында бош кызмат орундарына сынак өтүүдө

Республика боюнча Жол кайгуул кызматында бош турган кызмат орундарына сынактар болуп, 12 - августтан тарта Бишкек шаарында башталды. Бул тууралуу аталган кызматтын басма сөз катчысы Кылычбек Мурзалиев кабарлады. Маалыматка ылайык, борбор калаадагы бош турган 70 орун үчүн каалаган жарандар арыз берип, сынакка катышууга мүмкүнчүлүк алат.

“Алар атайын тест жана спорттук даярдык боюнча сынак тапшырып, соңунда маектешүү болот. Андан соң гана кызмат орду берилет”,-дейт Мурзалиев.

Буга чейин Жол кайгуул кызматында иштегендер аттестациядан өткөн. Андан 200гө жакын кызматкер талапка жооп бербейт деген негизде кызматтан алынган . Ал эми өтпөй калгандар сынакта коррупциялык иштер болгонун айтып чыгышкан.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...