Latest articles

Таласта расмий никеге тургандар азайып жатат

Талас шаарында расмий никеге тургандар былтыркыга салыштырмалуу үч пайызга азайды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин шаардагы бөлүмүнүн башчысы Айнура Байсабаева билдирди. Анын айтымында, көпчүлүк баш кошуп, балалуу болгондон кийин гана нике кагазын алып жатат. Бул жагдайга түрткөн себептер азырынча так аныктала элек.

Шаарда 2016-жылдын биринчи жарым жылында 138 адам нике кагазын алса, быйыл 85 кишиге берилген.

Original url : www.azattyk.org

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...