Latest articles

ӨКМ: кар көчкү түшүүсү мүмкүн

2016-жылдын 20-декабрында күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, Бишкек-Ош унаа жолунун (Төө-Ашуу ашуусу) 121-138, (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы) 198-265 чакырымдары Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолундагы 65-90 чакырымдары, Ала-Бука-Каныш-Кыя унаа жолунун 65-90 чакырымдары, Каныш-Кыя-Кызыл-Адыр унаа жолунун 75-82 чакырымдары, Красная-Горка-Ак-Таш унаа жолунун 1-4 чакырымдары, Нарын-Казарман унаа жолунун (Кара-Көө ашуусу) 67-94 чакырымдарындагы (Ийри – Суу участкасынын 42-44 чм), Каракол-Эңилчек унаа жолунун (Чоң-Ашуу ашуусу) 45-92 чакырымдары жана Барскон-Ак-Шыйрак унаа жолунун (Сары-Мойнок ашуусу жана Сөөк ашуусу) 60-68 чакырымдарында унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү жана кар күрткүсү күтүлөт, жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматы билдирди.

Original url : kabar.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...