Latest articles

Шаардык кеңештин депутаттары мэрдин ишин канааттандыраарлык деп тапты

Шаардык кеңештин депутаттары мэрдин ишин канааттандыраарлык деп тапты

Бишкек шаарынын мэри Иса Өмүркулов бүгүн шаар депутаттарынын алдында жылдык иши боюнча отчёт берди. Мэр бул кызматта иштеген соңку үч жылда шаардын кирешеси 700 миллион сомго көбөйгөнүн айтты. Тыныгуудан кийин депутаттар мэрге суроолорун беришти. Иса Өмуркулов шаардык кеңештин депутаттары кызматташууга кызыктар экендигин айтты.

Шаардык кеңештин депутаттарынын төрагасы Марат Аманкулов шаардык мэриянын ишин эки жактуу карап, объективдүү жана субъективдүү көйгөйлөр бар экенин белгилешти. Жыйынтыгында шаар кеңешинин депутаттары мэрдин бир жылдык отчётун 27 добуш менен канааттандыраарлык деп тапты.

Өмүркулов шаар жетекчиси болуп апрель окуясынан кийин дайындалган. Буга чейин "Республикачы" депутаттар аны кескин сындап, кызматтан кетирүү аракетин жасашкан.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...