Latest articles

Саясат талдоочу М. Сариев: “Centerra” өзү деле келишим акыйкатсыз болгонун эң сонун билет”

Кыргызстан “Кумтөр” алтын кенин иштетүү боюнча «Centerra Gold Inc» («Centerra») менен акыйкаттуу келишим түзүү аракетин көрүүдө. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине саясатчы Марс Сариев канадалык компаниянын аткаруучу директорунун «Centerra» компаниясына басым коюлуп жатышына КР экономикасынын начардыгы күнөлүү деп айткан пикирине комментарий берип жатып билдирди.

М. Сариевдин айтымында, канадалык компанияны түшүнүүгө болот, ал өзүнүн позициясын коргоп жатат. “Кыргызстан аны менен акыйкаттуу келишим түзүү аракетин гана көрүүдө. «Centerra» өзү деле келишим акыйкатсыз болгонун эң сонун билет, бирок алар “Cameco” компаниясына шылтап жатышат, анткени, ошол учурда кенди «Centerra» эмес, “Cameco” компаниясы иштетип жаткан болчу”,-деди ал.

Эскерте кетсек, «Centerra» компаниясынын генералдык директору Скотт Перри: “Өлкөнүн экономикасы жакшы эместиги мурда эле белгилүү болчу. Өкмөт “Кумтөр” кенинен пайданын чоң бөлүгүн алууну көздөөдө”,-деген. Ал ошондой эле, сот иштеринин жүрүшүндө «Centerra» компаниясынын 100 млн доллар акциясы 4%га төмөндөгөнүн айткан.

Original url : kabar.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...