Latest articles

Жалал-Абад: өзүн өрттөгөн жаран ооруканада дарыланууда

Шаар аймагында жайгашкан дүкөндөрдүн биринде 30-майда 50 жаштагы адам мас абалда өзүнө өрт койгон. Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, өрттөнгөн жаран үй-бүлөлүк шартка байланыштуу ушул кадамга баргандыгын айтып берген. Аны милиция куткарып, алгачкы жардам көрсөтүлгөн. Денесинин 54 пайызы күйүп кеткен адам Ала-Бука районунун тургуну экендиги аныкталып, азыр облустук оорукананын жандандыруу бөлүмүндө жатат.

Original url : www.azattyk.org

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...