Latest articles

Кумтөрдө "Давыдов" мөңгүсү суткасына 5 метрге жылууда

Кумтөрдө "Давыдов" мөңгүсү суткасына 5 метрге жылууда

Кумтөр алтын кенинде "Давыдов" мөңгүсү суткасына 5 метрге жылып жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу ЖК депутаты Эркингүл Иманкожоева 30 - апрелде Кумтөргө барып келген иш сапарынан кийин билдирди. Мөңгү алтын казып алуучу карьерге жакын жайгашкандыктан, андан чыккан калдыктар аталган мөңгүгө төгүлүп келген. Үстүнө түшкөн оор массадан улам, мөңгү жылып жүрүп, бүгүнкү күндө административдик имаратты басып калган. Депутат айымдын айтуусунда Центерра Голддун өкүлдөрү Кыргызстандын экологиясына кайдыгер мамиле жасап жатканынын бир себеби, өкмөттүн бюджетинин таңсыктыгы.

Кошумчалай кетсек, бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин чечими менен өкмөт өкүлдөрүнөн түзүлгөн комиссия окуя менен жеринен таанышып, териштирүү максатында Кумтөргө жөнөп кетти.

Бул материалды кененирээк аудио форматында http://www.maralfm.kg сайтынан уга аласыздар

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...