Latest articles

Жалал-Абадда терроризмге шектелип төрт жаран кармалды

Жалал-Абадда терроризмге шектелип төрт жаран кармалды

Бүгүн Жалал-Абад шаарында милиционерлер менен чекисттердин биргелешкен атайын операциясы болуп өттү. Натыйжада төрт адам кармалып, алардан эки тапанча жана диний адабият табылган.

Жалал-Абад шаарында терроризмге шектелип куралданган төрт жаран кармалганын аталган шаардын ИИБ билдирди.

Бүгүн милиционерлер менен УКМК кызматкерлеринин биргелешкен атайын операциясы болуп өттү.

"Операция жаңы эле аяктады. Төрт киши кармалды, баары тең 25 жашта. Алардын жанынан эки тапанча жана ок-дары табылган. Булар — террорчулар, муну бирөөсүнөн алынган диний адабият тастыктап турат", — дейт башкармалык.

Кармалган жарандардын киши өлтүрүү боюнча да шектелип жатканы белгилүү болду. Учурда тергөө иштери улантылууда.

Original url : sputnik.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...