Latest articles

Журналистер ЖКнын тосмосуна кара чүпѳрѳк байлап, шам жагышты

Жогорку Кеңештин астында болгон журналистердин акциясына саясий ишмерлер, жарандык активистер жана бир топ журналистер катышты. Акцияга баргандар ЖКнын тосмосуна кара чүпѳрѳктѳрдү байлап, шам жагышты.

Акциянын катышуучусу экс депутат Равшан Жээебеков Парламенттин айрым журналистерге аккредитациядан ѳткѳзбѳй турганын сынга алып буларды айтты.

«Жаңы келген депутаттар жана тѳрага Кыргызстанда сѳз эркиндигин кысымга алууну аракет кылып жатышат. Мындай кадам бир дагы бийликке ийгилик алып келбейт. Ѳзгѳчѳ журналистердин маалымат алуусуна чек коюу бул аша чапкандык».

Ал эми Илмиянов тууралуу берген интервьюсу үчүн 1 млн. 800 миң сомго доого жыгылган Уран Ботобеков саясатчылар «Ак үйгѳ» киргенден кийин сѳз эркиндигин чектей башташты деген пикирде.

Original url : maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...