Latest articles

Абдыкадыров Болот: “Биздин Өкмөт Италиядагы Кыргызстандын мыйзамдуу өкүлчүлүгүн ачууга уруксат берсе, ойдогудай иш болмок!”

Абдыкадыров Болот: “Биздин Өкмөт Италиядагы Кыргызстандын мыйзамдуу өкүлчүлүгүн ачууга уруксат берсе, ойдогудай иш болмок!”

Бир канча жылдан бери Италияда жашап, бул өлкөнү беш колундай билип, кыргыздарга жардам берүү максатында атайын Кыргыз-Италия “Мекен” ассоциациясын түптөгөн Абдыкадыров Болот мырза менен ал жактагы мекендештер жана Италия тууралуу кенен маек курдук.

--Болот мырза, алгач өзүңүз тууралуу айтып берсеңиз, анан да Италияга кантип барып калдыңыз эле?

--2002-жылы БГУнун экономика бөлүмүн аяктагандан кийин, ТИМдин сунушу менен алгачкы эмгек жолумду министрликте баштагам. Бул жумуштун ритми жагып, өзүм үчүн кызыктуу көп нерселерди үйрөнүп, баарын өздөштүргөнгө аракет жасадым. Бирок, эйфориям көпкө узаган жок. 2003-жылы атам каза болуп, туугандарымдын кеңеши менен 2004-жылы Австрияга билим алууга барып, бирок тилекке каршы, менин документтеримди ал жактан кабыл албай коюшту. Анан буйрук болдубу, айтор ал жактан кокусунан кыргызстандык жердешибизди кезиктирип, ал Италияга кетүүгө сунуш киргизип калды. Австрияда мени эч нерсе кармабагандыктан Италияда да өзүмдү сынап көрүүгө жөнөдүм. Неаполь шаарына келгенде эски таанышым мени дүкөнгө 400 евролук маянасы бар жумушка орноштурду. Ал жакта бир нече ай иштегенден кийин, жумуш ордумду алмаштырып, Европада жашаганга укук алып, чоң шаарга барып өзүмдү абройлуу компаниядан көрөм деп максат койдум. Бул максатка жетүү үчүн узак жол басууга туура келди. 2007-жылы Европада жашаганга укук алгандан кийин Милан шаарына жөнөп, анын чоң фирмаларынын биринде орус тилдүү бөлүмүндө менеджер болуп иштеп калдым. Ошентип, 2008-жылы ойлогон ой-максаттарым ишке ашып, бир чети, 2009-жылы үй-бүлөлүк шартка байланыштуу Неаполга кайтып келип, ушул убакка чейин бул жактамын.

--Башка өлкөгө келип кандай кыйынчылыктарды башыңыздан өткөрдүңүз? Италияда сиз көнө албай жаткан көрүнүштөр барбы?

--Биринчи эле юридикалык жактан сабатсыз болгонум кыйнады. Анткени, бул жерде сен өзүңдүн укуктарыңды билбесең кимге, каякка жардам сурап кайрылууну билбейсиң. Италиянын түндүгүндө мыйзам катуу болгондуктан, жумуш берген адам мигранттарга кааласа маянасын бербей да коюшу мүмкүн. Жумушта болсо кээде кемсинтүүлөргө, керек болсо кол тийгизип кордогон күндөргө да чыдоого туура келген күндөр болду, баштан оор күндөр өттү. Азыр деле укмуш эмес. Бирок, бүгүн биз каякка кайрылып, эмне кылышты билебиз. 2013-жылы мага биздин мекендештерге жардам бералган, аларды ыңгайлуу жумуш, турак жай, юридикалык жана медициналык жардам менен камсыз кыла турган уюм ачуу идеясы келди. Аны үчүн пикирлештерди чогултуп, "Мекен" ассоциациясын ачып, биздин ар бир жердеш керектүү маалымат же жардам менен камсыз боло алганга жаңы мүмкүнчүлүк түзгөнбүз.

--Италиядагы биздин мекендештер тууралуу айтып берсеңиз?

--Негизинен бардыгы иштегени келишет. Көпчүлүгү, мекенибиздеги үй-бүлөсүн багып, балдарын бутуна тургузалы деген кыз-келиндер. Мурда жумуш табуу оңой болсо, азыр мырзаларга кыйын, ал эми айымдарга оор болуп калды. Учурда жумуш берүүчүлөрдүн маянасын кыскарткан адат пайда болгон. Анын себеби Украина, Болгария, Румыния, ошондой эле Жакынкы Чыгыштан келип жаткан мигранттардын агымы менен байланыштуу. Бирок, ага карабастан, биздин жарандарды жоопкерчиликтери жана тазалыгы үчүн сыйлап, баалашат.

Италияда айымдар негизинен бала карап, үй жыйнап, карыялар менен отуруп, курулуштарда, базарларда, ресторандарда иштешет. Биздин ассоциация жердештердин көңүлүн көтөрүп, ынтымакты бекемдеп туруш үчүн кээде: жаштарга спорттук турнирлерди, улууларга - концерттерди, жаратылыш койнунда эс алууларды жана да Италияда биздин өкүлчүлүк жок болгондуктан КРнын Швейцариядагы консулу катышкан конференцияларды уюштуруп турат.

Мындай салтанаттуу иштер жыл сайын өткөрүлөт. Биздин башкы максат -- кээде кыйын шартта иштеп жаткан жарандарды жумуш, көйгөйлөрүнөн алаксытып, кеңештерибиз менен бөлүшүп, жардам кылып, биримдигибизди бекемдөө. Каякта болбойлу, өз баалуулуктарыбызды сактап, өз маданиятыбызды италиялыктарга жеткирип, кең пейил жана кооз Кыргызстан тууралуу билүүлөрүн каалайбыз. Биздин Италиядагы диаспора чынында эле абдан ынтымактуу, бирдиктүү.

-- Италиялыктар кандай эл болушат экен?

--Италиялыктардын жакшы жактарынын бири - жакта ресторандын кожоюну өз мекемесинде эшик шыпыргыч, ашпозчу, идиш жуугуч же жүк ташуучу болуп иштей берет. Мен Миланда иштеп жүргөндө бир күнү шопурубуз жумушка чыкпай калды, ошондо фирманын директору өзү рулга отуруп, кардарларды кезиктирүү үчүн аэропортко жөнөп кетти. Италиялыктардын жумушка болгон мындай мамилеси мага абдан жакты. Бирок, мени алардын сүйлөшүү манерасы таңгалдырат: катуу сүйлөшүп атканын көргөндө алгач сиз урушуп атышабы деген ойдо каласыз. Ошондой эле жергиликтүү мыйзам боюнча италиялыктар ажырашса бардык мүлкү аялына калгандыктан италиялык бийкечтер өздөрүнө өтө ишенимдүү, көз карандысыз жана темпераменттүү келишет.

--Негизи биздикилер италиялыктарга үйлөнгөн же турмушка чыккан учурлар болобу?

--Албетте, андай никелер көп жана италиялык күйөө балдар Кыргызстанга көп барышат. Бирок, башка пакистандыктар, марокколуктар же украиналыктар сыяктуу башка улуттар менен баш кошкон учурлар андан көп. Дагы бир нерсени айтуу мага абдан оор, ошентсе дагы сүйүүнүн негизинде эмес, эсеп менен нике кургандары да бар. Чет элдик мырзалар менен материалдык кызыкчылык үчүн гана жашоо бул чынында жийиркеничтүү. Бизге укуктары тебеленип же жарандык жолдошунан токмок жеп жардам сурап кайрылган жердештерибиз да болгон. Албетте, мындайда колдон келген жардамыбызды бергенге аракет кылабыз.

--Италиялыктардын кыргыздардан болгон айырмасы кайсылар?

--Алардын ачык мүнөздөрү жагат. Көпчүлүгү (негизинен улуу муун) дайыма жардам кылганга аракет кылышат, жан дүйнөлөрү таза келип, ачык дагы болушат. Жакпаганы, биз сыяктуу эле, көп сөз берип, бирок сөздөрүнө турушпайт (күлүп).

--Өзүңүз сыймыктанган атайын долбоорлор же башка жетишкендиктер барбы, келечекте кандай пландарыңыз бар?

--Биринчиден эле мен сыймыктанган нерсе бул – үй-бүлөм жана менин сыймыгым болгон кызым Уулман.

Экинчиден, эгер "Мекен" ассоциациясы тууралуу айта турган болсок, биз көп нерсеге жетиштик. 5 жылдын ичинде ассоциациянын суранычы боюнча, Италияга дипөкүлчүлүктөр консулдук тейлөөлөрү менен келе башташты. Консул тарабынан: 15тей паспорттор, 35 туулгандыгы тууралуу күбөлүк, өз мекенине кайтуу тууралуу справкалар, нике тууралуу күбөлүк жана башка көптөгөн документтери берилди, элчиликке катталган жарандардын көпчүлүгү биздикилер. Медицина тармагында да жетишкендиктер болду. Бир жагдайды өзгөчө белгилегим келип турат. Биздин жаран жолдон жабыркап, эмканага жеткирилген. Бирок, ал эсин жоготуп, анан да чет элдик болгондуктан аны шарт боюнча карашкан эмес. Качан ал эсине келгенде дарыгерлер анын колун кесүүнү туура көрүшкөн. Бирок, мен аны эмканадан таап, дарыгерлер менен сүйлөшүп, дароо адвокатты алып келгенден кийин, алар анын жалгыз эмес экенин түшүнүп, шарттуу дарылоону улантышкан болчу. Мен адвокаттан суранып, жарым жыл бою эмкана, терапевт чыры менен чуркап жүрдүм.

Жыйынтыгында, ал жараныбыз Италияда жашаганга укук алып, ага камсыздандыруу компаниясынан 200 000 евро көлөмүндөгү компенсация алып бергенбиз. Белгилеп койчу жагдай, ассоциация бул суммадан бир дагы сом алган эмес, андай ниетибиз дагы жок болчу. Биздин уюм пайда болгондон бери жүздөн ашык жарандарыбыз жумуштар менен камсыз болушуп, жакында эле мен тараптан Watsappе аркылуу жумуш издөө тобу ачылды. Анда, күнүнө 10-15тен чыгып турган жарыянын жардамы менен бардык каалоочулар жумуш таба алышат. Бул чоң жетишкендик деп эсептейм. Учурдан пайдаланып Алтын эжеге (Болония шаары) ыраазычылыгымды билдирем.

--Кыргызстанды сагынасызбы, мекениңизге келүү планыңызда барбы?

--Албетте, Кыргызстанымды, элимди сагынам, сөзсүз Кыргызстанга барам. Биз Италиядан үйрөнүп, өз жерибизде бөлүшө турган көп нерселер бар. Ар бир кыргызстандык өз мекенибиздин өсүүсү үчүн бүт аракетин жумшап, патриот болушу керек. Ушул жерден, Италиядагы кыргыздар үчүн көп нерсе жасаган биздин коомдук ишкерлер: Омуралиева Миргүл, Закирова Атыргүл, Асанова Каниет, Осмонова Нургүл, Төлөбаева Назгүл, Сарногоева Гүлсан, Амирбеков Абылбек, Усенов Сыргак, Чыныбеков Улан, Байгазиев Дүйшөн жана башка биздин уюмга көмөк көрсөткөндөрдүн баарына ыраазычылык билдирем.

--Италияга барууну пландаган жердештерибизге кандай кеңеш берет элеңиз?

--Эгер иштейм деп келе турган болсо, сөзсүз тил билип, чыдамкай болуп, бардык көңүл оорутарлык нерселерге даяр болушу керек. Турист катары да, албетте мындай кооз жерди көрүү сонун нерсе эмеспи. Болгону, алдын ала жергиликтүү менталитет тууралуу билип алгандары жакшы. Анан дагы биздин бийликке өзгөчө сураныч бар, Италиядагы Кыргызстандын мыйзамдуу өкүлчүлүгүн ачууга уруксат берсе ойдогудай иш болмок.

Билип жүрүңүз!

Италиядан көрө турган кооз жерлер: Колизей, Пизан мунарасы, Иския жана Сардения аралдары, Помпей (Везувий).

Сөзсүз даам сыза турган азыктар: неопалитандык пицца менен кофе.

Италиянын шаарларындагы бир күндүк коротумдар (ар кандай): Неаполдо мейманканалар 35тен 70 еврого чейин. Тамак-аш күнүнө 20-30 евро.

Кайсы мезгилде баруу керек: Мүмкүн болсо апрелден ноябрга чейин.

Тил: Англис тили сизге бул өлкөдө жардам бербеши мүмкүн.

Италиялыктарча сүйүүнү билдирүү: Te amo, amore mio bello! (Чексиз сүйөм, о менин махабатым!).

Кайыргүл Молдалиева

Original url : de-facto.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...