Latest articles

Башардын башына 3 млн. евро сайышты

Башардын башына 3 млн. евро сайышты

Дүйнө, аалам аңтар-теңтер болуп жатпайбы. Исламды бетине кармап алып, адамдын диний ишеними менен ойноп жаткан күчтөр акыры кыямат күндү алып келишет окшойт. Дегеним, Сириянын президентин өлтүргөн кишиге үч миллион евро сунушталды. Бул тууралуу "Московский Комсомолец" басылмасы жазууда. Маалыматка ылайык, Сириянын "Нусра Фронту" тобунун башчысы Абу Мохаммед Голани өлкө башчысы Башар Асадды өлтүрүүнү уюштуруп, ишке ашырса 3 миллион евро төлөөрүн аудиокайрылуу аркылуу билдирди. Ал кайрылуусунда: "Бийликке катуу карманып, жабышып алган - бул адам дагы канча мусулмандардын канын төгөт? Дагы канчалаган мусулман өз укуктарын кайрып алуу үчүн күтүшү керек?", -деп ааламдын башын маң кылууда. Аталган уюмдун лидери муну аткарган киши Асаддын жакын тууганы болсо да банк эсебине каражатты котороорун кошумчалайт. Арийне, азыркы окуялар менен келечек жөнүндө көп кеп салган көзү ачык Ванга «акыр кыямат качан болот?» деген соболго: «Качан Сирия куласа акыр кыямат башталат» дегени бар. Андыктан, акыр кыяматка шашчулар барбы?

Original url : de-facto.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...