Latest articles

Абактан качкандардын үчүнчүсүн Арал айылынан издеп жатышат

50-абактан качып чыккан кылмышкер Азамат Мусуралиев тууралуу маалыматты жергиликтүү чабан милицияга билдирген.

Чабандын айтымында, Мусуралиев ага келип одеяло, азык-түлүк жана уюлдук телефон сураган. Ал качкынга азык-түлүк жана плед алып чыгып берген, бирок уюлдук телефон берген эмес.

Мусуралиев кеткенден кийин чабан милицияга кабарлаган. Ыкчам иликтөөчү топ барган кезде Мусуралиев каршылык көрсөткөн жана күч органдары курал колдонушкан.

Алдын ала маалыматтарга караганда аны менен чогуу дагы бир качкын Алтынбек Итибаев болгон. Азыркы учурда милиция кызматкерлери аны Сокулук районунун Арал айылынан издеп жатышат.

Эскерте кетсек, 11-октябрдан 12-октябрга караган түнү Чүй областындагы Төмөнкү Нооруз айылындагы №50 абактан 9 адам качып чыккан. Качкындарды токтотууга аракет кылган Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын кызматкерлерине кылмышкерлер олуттуу каршылык көрсөтүшкөн. Мекеменин үч кызматкери өлтүрүлгөн жана дагы бири оор жаракат алып бейтапканада каза тапкан.

16-октябрда "Дордой" жаңы конушунда жүргүзүлгөн иш-аракеттердин натыйжасында качып кеткен төрт кылмышкердин бири Данияр Кадыралиев өлтүрүлгөн.

Original url : www.kabarordo.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...