Latest articles

Маалымат айдыңындагы айым

Маалымат айдыңындагы айым

Кочкор районунда Нышанова Бугалча Кадыровна аттуу ишмер айым бар. Анын ишмердүүлүгү СССРдин гүлдөп турган учуруна туура келет. 1981-жылдары кайраттуу ишкер Бугалча Нышанованы «Кара-Кужур» жумушчу кооперативинин башкармасынын төрайымы кылып шайлашкан. Эки жылдан кийин ал жетектеген мекеме алыскы жайлоолордогу малчыларды тейлөөдө жетишкен ийгиликтери үчүн СССР ВДНХсынын Ардак тактасына жазылып Бүткүл Союздук Өтмө Кызыл Тууну жеңип алган.

Кыргызстан эгемендикке ээ болгондон кийин Бугалча Нышанова өзүнө гана ишенген заман келгенине ынанып айылдаштарын кредиттик бирикме түзүүгө үндөп чыгат. Алар анын сунушун колдоп районубузда «Виват-Альянс» кредиттик союзу жаралган. Кредиттик союзга 115 адам мүчө болуп, айыл чарбасын, элдик кол өнөрчүлүктү, соода-сатыктын өнүгүшү үчүн 2 миллионго жакын кредит берилген. Кредиттин пайыздык деңгээли 18 пайызды түзүп, барган сайын төмөндөй бермекчи. Ал муну менен чектелбестен швецариялык «Ишкер аялдарды колдоо» жана германиялык «Элеттеги финансылык системаны өнүктүрүү» долбоорлору менен жемиштүү иштешип, жеке долбоорун ийгиликтүү коргоп, алты компьютер алып «Альба» аттуу интернет-клуб ачкан. Анын натыйжасында маалымат мейкиндигине чыгып, чет өлкө менен байланышын кеңейтти. Интернет колдонуучулардын «Кочкор тобу» сайтын ачып Кочкордун тарыхын, жаңылыктарын жана башка жакшы жактарын дүйнө жүзүнө таанытып келатат.

Азыркы тапта компьютер сүйүүчүлөрдү окутуп, интернетке кызыгуучулардын санын арбыта алды. Ушул эмгектери бааланып Бугалча Нышанова Евразиядагы көрүнүктүү жүз аялдын катарынан орун алып олтурат.

Жакында Эл аралык Евразиялык (telecentpo.opg) интернет байланыштарынын телецентр фонду аял жолдоштор иштеген алдыңкы интернет борборуна изилдөө жүргүзүшкөн, ага ылайык дүйнөнүн 34 өлкөсүнөн 100 аял жеңүүчү деп табылды.

Интернет борборлорунун компьютер үйрөткөнү, интернетке кошулган кардарлардын саны эске алынып, Кыргызстандан жердешибиз «Альба» интернет-клубунун жетекчиси Бугалча Нышанова да жеңүүчү деп табылды. Алсак коңшу Казакстан өлкөсүнөн бул орунга татыктуу адам болгон жок. Ал эми Венгрия, Азербайжан, Шри-Ланка, Украина, Россия өлкөлөрүнөн көбүрөөк аялдар жеңүүчүлөрдүн катарына кирген. Кыргызстандан бирөө гана татыктуу деп табылды.

Евразиялык телецентр фондусунун башчысы Актар Бадшах тарабынан интернет борборун алдыга жылдырууда көрүнүктүү орун ээлеген 100 аял диплом, сертификат, сумка, флешка менен сыйланды.

Ошондой эле алардын өмүр баяны, сүрөтү менен англис, орус, араб тилинде жазылган «Интернет борборлорунун көрүнүктүү айымдары» деген китепке чагылдырылды. Интернет айдыңында эл аралык деңгээлде белгилүү болгон Бугалча Кадыровна демилгечилдиги жана табышкердиги менен белгилүү.Ал Юнифем эл аралык фонду аркылуу уюшулган «Кыргызстандын аялдары эл элетти өнүктүрүүдө» конкурсунун жеңүүчүсү катары « Кырк кыз» китебине да жазылып, дипломго ээ болгон.

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...