Latest articles

Нарын шаарында үчүнчү тестиер гана бала бакчага барат

Нарын шаарында 6 мамлекеттик, 2 ведомстук жана бир менчик бала бакча бар. Калаада мектепке чейинки тестиерлердин 5 миңден ашык баланын үчтөн бири гана бала бакчага барат. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Абдраимакунова билдирди.

-Нарын шаарындагы мамлекеттик мекемелер жайгашкан 3 имаратты кайтарып алуунун үстүндө иштер аткарылбай, бала бакчага болгон муктаждык өтө курч болуп жатса да, Нарын шаардык мэриясы тиешелүү деңгээлде аракеттерди көрбөй келет,-дейт Абдраимакунова

Облус боюнча мурдагы бала бакчалардын ичинен 28 имарат кайтарымсыз менчиктештирилип кеткен. Кайтарып алууга тийиш болгон 12 имараттан тогузу кайра мамлекеттин карамагына өткөн.

Original url : www.azattyk.org

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...