Latest articles

Жалал-Абадда 37 мектеп пайдаланууга жараксыз

Жалал-Абадда 37 мектеп пайдаланууга жараксыз

Жалал-Абад облусунун аймагындагы жалпы 473 мектептин ичинен 37си ушул тапта авариялык абалда. Бул тууралуу облустук усулдук билим берүү борборунун директорунун орун басары Токомбай Турганбаев кабарлады.

-Аталган мектептер жыл сайын утурумдук гана оңдоодон өтүп, ишин улантышат. Быйыл 37 мектеп капиталдык ремонттон өтүүгө тийиш эле. Бирок бул багытта азырынча бюджеттен каражат карала элек, – деп кошумчалады Токомбай Турганбаев.

Баса, быйыл Жалал-Абад облусундагы мектептердин утурумдук оңдоосуна гана республикалык бюджеттен 22 миллион сом гана ажыратылган.

Алишер ТОКСОНБАЕВ

Original url : www.aymak.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...