Latest articles

Чегарадан мыйзамсыз өткөн Өзбекстандын эки жараны кармалды

Кадамжай районунда мамлекеттик чегарадан мыйзамсыз өтүп келе жаткан өзбекстандык эки жаран кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чегара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланышуу бөлүмүнөн кабарлашты.

17-июнда Баткен областынын Кадамжай районунун Мазар жергесинде Айдаркен чегара кошуунунун аскерлери тарабынан чегарадан мыйзамсыз өтүп келе жаткан Өзбекстандын эки жараны кармалган. Чегара бузуучулар кыргыз-өзбек чегин Өзбекстандагы Кыргызстандын өткөрүү бекети аркылуу өтпөй, мыйзамсыз жерден кесип өтүүгө аракет кылышкан.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жарандар Кадамжай райондук ички иштер бөлүмүнө жөнөтүлдү.

Original url : www.kabarordo.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...