Latest articles

Казат Акматов: «Демократия бул - элдин нравалык мыйзам нормасы, жогорку саясий маданият»

Казат Акматов: «Демократия бул - элдин нравалык мыйзам нормасы, жогорку саясий маданият»

Кыргыз Эл жазуучусу, коомдук ишмер, айтылуу «демократиянын уюштуруучусу» Казат Акматов агай менен Кыргызстандагы демократиянын пайда болуу тарыхы, учурдун курч маселелери, мамлекеттин келечеги тууралуу учкай маек курдук.

--Казат агай, өткөн жылдарга кылчайып, мамлекет тагдырына көз чаптырганыңызда тээ жыйырма беш жыл мурдагы окуялар көз алдыңызга кандай элестейт?

--Биз ошол кезде, тактап айтсам, 1989-жылы 26-майда КДКны уюштурдук. Анда биз койгон, ал кезде түшкө кирбей тургандай деп эсептеген маселелер мындай болчу, биринчи - мамлекеттик тилди киргизүү, экинчи - суверендүүлүк декларациясын кабыл алуу, үчүнчү – борборубуздун атын Фрунзени алып салып Бишкек деп өзгөртүү, төртүнчү - өзүбүздүн мамлекеттик символдорубузду кабыл алуу сыяктуу. Анда эл булар жөнүндө ооз ачкандан коркушчу. Москванын бийлиги жүрүп, КПСС, КГБсы аман-эсен иштеп турган учур. Мисалы, экономиканы кантип өндүрүш керек же болбосо «Кумтөрдү» кантип иштетиш керек деген сыяктуу азыркы курч турган маселелер анда жок эле. Азыр бизге мындай суроо берип атышпайбы, демократия бузулду, экономика өнүкпөй жатат, социалдык саясат жакшы эмес, мугалимдер менен дарыгерлердин айлыгы көбөйбөй атат деген бүгүнкү күндүн көп актуалдуу маселелерин айтканда эле, мына, силердин идеалдар аткарылган жок, баарын силер баштадыңар эле, кана, эмнеге жеттиңер, кайда мугалимдердин айлыгы, коррупция күчөп жатат, уурдап атат, жеп атат, «Кумтөрдү» иштете албай жатабыз деп бизди күнөөлөп сүйлөшөт. Ошол кезде биздин алдыга койгон максаттарыбызды алардын ар бирине айтып жеткире албайсың да. Анда биз алып чыккан көйгөйлөр баатырдык иштер болчу. Ошондо биз баарысы болуп 37 маселе коюптурбуз. Анын бир 30дайы аткарылыптыр. Мисалы, декларация, эгемендүүлүк, мамлекеттик тил, Бишкек шаары, улуттук маданият, улуттук тарых деген нерселердин баары аткарылды да. Биздин коомго эң эле көп демократиялык институттар кириптир. Мынабу расмий эмес уюмдар иштеп атпайбы, укук коргоо сыяктуу. Алардын саны 100дөн ашып кетиптир. Ичинен 60-70и иштеп жатат. Аны элес алган эч ким жок. Мунун баары демократиянын шарданы менен болуп жатат. Бул жагынан биз алдыга кетиптирбиз. Муну моюнга алыш керек. Биз ошондо базар экономикасын киргизип, менчик киргизебиз, коомдук менчикти жоёбуз деп катуу чыкканбыз. Жеке менчикти киргиздик, мамлекеттик менчикти азайттык. Бирок, эл ошол колуна тийген менчикти эптештире албай, алган кредиттерин кайра төлөп бере албай калып, өзүнүн дыйкан чарбасын да өнүктүрө албай ортодо калышты, алардын баары эми айтып атышпайбы, кана силердин жыргаткан демократияңар деп. Мен бул жерде актанайын деп аткан жерим жок. Бул коомдун өнүгүшү деле татаал нерсе. Мындай алып карасаң адамзат жаралгандан берки революциянын баары жакшы максаттарды коюп алдыга умтулат. Бирок, анын көбү иш жүзүнө ашпайт.

--Убагында эң таза, принципиалдуу иштеген Абсамат Масалиевди тактан түшүрүүгө да сиздин салымыңыз чоң деп жүрүшөт, буга эмне дейсиз?

--Ушу суроону жакшы бердиң. Бекен Назаралиев деген журналист бар. Ал атайын максат койду. Түндүктүктөр биригип, Айтматов баш, Акматов төш болуп түштүктүк деп Масалиевди куугунтуктап кызматтан кетирди деген версияны аябай далилдеп, Акаевге барып интервью алып, Бакиевден интервью уюштуруп, жүгүрүп жүрөт. Ушул жигиттин аракети мени аябай таң калтырат. Бул бир билимдүү же болбосо акыл-эстүү адамдын эмес, жердешчил, сокур адамдын аракети. Ошол аракет боюнча китеп жазып атат. Мен кээ бир үзүндүлөрүн окуп коюп жатамын, бирок бирине да жооп жаза элекмин. Мени күнөөлүү кылып атат. Менин легендарлуу парламентте сүйлөгөн сөздөрүмдүн баарын алып, аягында түндүктүктөр бийликти басып алганын далилдейт имиш. Бул жигиттин эмне билими бар экендигин да билбеймин. Акылы өтө тайкы жигит экен, элге шынаа урганды алдына максат кылып коюп алды. Бул боюнча чоң китеп жазып атыптыр. Мен ойлоп жатам, китеби чыксын, анан ошондо мен «разгромный» жооп берем. Акаев бир да күнөөсүн мойнуна албай, бардыгын тең башкаларга жаап, буга интервью бериптир. Бул Акаев тарабына өтүп алыптыр. Бакиевге барып интервью алган экен, ал азыркы бийликтегилер баары кан кечип келгендер, 100 кишини атып өлтүргөн акмактар дептир. Бекен Назаралиев муну да бетине кармап алып, Бакиев тарабына да өтүп алыптыр. Мындай эл ортосуна ажырым салган жигиттерди басма сөзгө такыр жолотпош керек. Бул өтө зыяндуу.

--Абсамат Масалиев, Кеңеш Кулматовдор менен бирге Усубалиев менен да күрөшүп жүргөндөй болдуңуздар?

--Масалиев менен Кеңеш Кулматовго кошулуп, ошо кезде партиянын диктатурасын жоготобуз деп Усубалиевге каршы чыкканбыз. Бу киши Москванын тилин уккан киши эле да. 25 жылдык бийликте турган учурунун акыркы беш жылдыгында аялынын сөзүнө кирип, кадрларды чаба баштады. Масалиевди чапты, Кулматовду ЦКда үчүнчү секретарь болуп турганда, бөлүм башчы болуп турган мени куугунтуктады. Бийлик талашкан ушакчылардын сөзүнө кирип абдан бузулду да акыркы беш жылда. Анан Кулматов, Масалиев, мен арыз жаздык (мурдагы Андроповго жазган арыздарыбызды кайра эле Усубалиевге жиберип турушкан). Менин негизги күйгөнүм, «Мезгил» романымды антиорустук деп мамлекеттик сыйлыктан (алган жеринен) алып таштап, пьесамды да антипартиялык деп «Күндү айланган жылдар» деген романымды антисоветтик деп мени жалаң «анти» кылып таштаган. Ошентип, көбүнчө чыгармачылыгым боюнча Усубаливге каршы туруп калгам. Масалиев анда Москвада ЦК КПССтин Украинаны көзөмөлдөгөн инспектору болуп кетти. Усубалиевге каршы чогуу арыз жазып жүрсөк аны менен досмун да. Экөөбүз көрүшкөн жерден эле шилекей алышып өбүшүп жатып калчубуз. Анан (Усубалиев иштен кууп чыккандан кийин үч жыл кызматсыз калгам), Масалиев мени Союзга алып барып, Жазуучулар Союзуна секретарь кылып шайлатып, бүт шарты бар партиялык үйдөн төрт комнат квартира берип, аябай ынтымактуу болчубуз. Кулматов Москвага Жогорку дипломатиялык курска кетип, айтор мамилебиз жакшы эле. Чатак эмнеден башталды дебейсиңби? Мезгил келип, бардык элдер өздөрүнүн мурдагы куугунтукталган элдик акын-жазуучуларын актай башташты. Украина баш болуп Москва, Казакстан кошулуп актай башташты. Анан биз да адегенде Молдо Кылыч менен Касым Тыныстановду актайлы дедик. Ушул экөөнүн чыгармачылыгы боюнча комиссия түзүп, башында Салижан Жигитов туруп, булардын чыгармачылыгында элге, эл достугуна каршы эч нерсе жок болсо да советтик бийлик адабияттан алып ыргытып ийди, акташ керек деп Масалиевге арыз жаздык. Масалиев дароо бизди чогултуп алып, өткөндөрдү эмне кыласыңар, мындан көрө коммунисттер жөнүндө чыгарма жазбайсыңарбы, силер эмгек адамын жазгыла, Молдо Кылычыңарды мен окуп чыктым, бир да тарбиялык маанисин көрбөдүм, сууну жазыптыр, чымчыкты жазыптыр, мунун кимге кереги бар деп бизди аябай урушуп туруп, маданият бөлүм башчысы Роба Абдысаматовага Салижан Жигитов, Жолон Мамытов, мени кошуп мобулардын партиялуулугун карагыла деп тапшырды. Абдысаматова биз жагында болду. Ошентип, чырылдап отуруп анан Москвадагы Кедрина деген атактуу чыгыш таануучуга арыз жаздык. Келип, ушул иштин ак-карасын териштирип бериңиз дедик. Масалиев чындыгында таза адам болчу. Бирок, партиянын гана чийген сызыгы менен болуп, эки жагын көрө алчу эмес. Заманга жараша өзгөрө албай койду. Кедрина ошондо 70тан ашып калган аял, атайын Бишкекке келип, мейманканада бир жумадан ашык жатып, Масалиевге жолуга да, сүйлөшө да албай кетип калды. Анан бир күнү Абдысаматова Смоленский облусуна делегеция менен барып калды. Делегациянын башында Роба Абдысаматова болду. Жазуучулардан Омор Султанов, артисттер, сүрөтчүлөр кошо барышты. Анан биз Оморго сен Абдысаматованы биз тарапка өтүүгө үгүттөгүн дедик. Ошондо Романов деген ЦК КПССтин маданият бөлүм башчысы бар эле, ал аябай прогрессивдүү адам болчу. Анан Абдысаматова Омор Султановду ээрчитип Москвага барып, Романовго киришпейби. Романов барып ЦК КПССтин секретары Сусловго кирет. Кыргызстандан акындар келип, эки жазуучусун актай албай жүрүшөт деп. Романов Сусловдун атынан Масалиевге коңгуроо кылат. Бир күнү эле Масалиев бизди чакырып алып тапшырма берип калыптыр. Кана Кедринаңар, баягы иш эмне болду дейт. Анан бул ишти бизден алып (Абдысаматова бизге тартканын билип койду да), илим бөлүмүнө тапшыртып койду. Анда Жолон ооруп аткан. Эки залкарыбызды актаган Бюронун чечими үч күндүн ичинде шашылыш чыкпадыбы. Анан кийинки пленумда каратып туруп: «Мына, ЦКнын илим бөлүмүндөгүлөр азамат, ушинтип кыргыздын мурда куугунтукталган эки жазуучусун актап чыгышты, ушулардай иштеш керек» деп сүйлөбөдүбү. Салижан баш болуп биз отуруп эле калдык. Анан КДК түзүлдү. Биринчи эле койгон маселебиз эгемендүүлүк маселеси болду. Мунубузду да уккусу келбеди, тим эле каматам дейт. Биздин артыбыздан КГБнын төрагасы Асанкуловду салып койду. Ал Топчубек Тургуналиевди камайм деди, Жыпар Жекшеевге квартира берип алдай коюптур. Мен болсо депутат болуп калып мага тийише албайт. Калгандарды чырылдатып күндө чакырат. Токтоткула дейт. Биз болбойбуз. Ошентип, бардык 14 союздук республикалар эгемендүү болушкандан кийин гана бизге кезек жетти. Анан ошондо легендарлуу парламент депутаттардын ичинен «114» деген блок түзүп (азыркыча айтканда фракция), эгемендүүлүк жөнүндө декларация кабыл алалы дедик. Талапты эми депутаттар койдук. Алардын ичинде Өмүрбек Текебаев, Абдыганы Эркебаев, анан мен бар. Текебаев жаңы гана депутат болуп келген жапжаш бала болчу. Сессияда биринчи сөз алат, өзү билимдүү жигит, тим эле такылдап сүйлөйт. Топчубектер ачкачылык да жарыялап жиберди. Ошентип депутаттар көбү биз жакка ооду. Аңгыча болбой Ош окуясы болуп кетти. Аны дароо эле бизге шылтады. «Депутаттардын арасында Акматов деген мырза жигит бар. Ошто КДК түзүп, өзбектерге каршы коюп, ошол уюм чатак чыгарып, иш жүргүзө баштады» деп А.Масалиев түздөн-түз күнөөнү бизге койду. КДКнын башына уюштуруу съездине Дыйканбаев деген жигит Оштон келди. 26-майда КДКнын уюштуруу съездинде сөз берсек, Дыйканбаев Масалиевди күтүүсүздөн аябай «туздап» таштады. Түнт киши, жадагалса туугандары өлсө, барып бата кылбайт деп салбадыбы. Биз аны тыйып, ошентип отуруп ЦК компартия кетти. Анан бийликке Акаев келди.

--«Демократиянын уюштуруучусу» катары биздеги демократиянын абалына кандай баа бересиз?

--Биз демократиянын жакшы жагына караганда жаман жагын көбүрөөк алып алдык. Бирок, бул күндөр да өтөт. Европанын элинин баарын эле демократ дей албайм. Алардын көбү эле империя түзгөн баскынчылар да. А биз байлык, бийлик көрө элек ач эл элек. Эчтекени көрө албай бийлик, байлык деп көз бозоруп, абийир кетип, элге жаман көрүнөт экен. Демократия бул - элдин нравалык мыйзам нормасы, жогорку саясий маданият, буюрса ага сөзсүз жетебиз.

--Жаңы премьер-министр кандай иштейт деп ойлойсуз?

--Дегеле Өкмөттүн борбордук түзүмү жөнүндө оюм башкача. Экономиканы, чарбаны жергиликтүү бийликке, жети облустагы губернаторлорго берип, конкреттүү гана бир орган көзөмөлдөш керек. Министрдин үстүнөн караган «суперминистрлер» дагы бар экен. Алар эч бир түзүмдү иштетпейт. Себеби, кадрларды парламент чечет. Парламент жооп бербейт, бирок чечет. Анан министр иштей албай кулап калса, дароо эле парламент премьер-министр күнөөлүү деп айтат. Министр силер койбодуңар беле десе, парламент биз экономикага жооп бербейбиз дейт. Биз, кыргыз эли, конкреттүү бир бийликтен жоопкерчиликти талап кылганга көнгөнбүз да. Бул – демократияга каршы келбейт. Кеп аны бүткүл эл тарабынан таза шайлоодо жана «импичмент» нормасын даана, так киргизүүдө. Мына ушул системаны бузуп салбадыкпы. Азыр президент айласыздан өзүнүн функциясына кирбеген милдеттерди аткарып, өзү жалгыз иштеп атат. Ошол эле учурда иштебеген Баш мыйзамдын артында турган баардык мыйзамдарыбыз кошо иштебей жатат.

Назгүл Осмонова

Original url : de-facto.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...