Latest articles

Алгачкы алтын куймалар чыгарылды

Алгачкы алтын куймалар чыгарылды

Кыргызстандын Улуттук банкы алгачкы алтын куймаларын чыгарды. Башкы банктын маалыматында, 1 граммдык куйманын бүгүнкү баасы 3 миң 793 сом.

Куймалар 1, 2, 5, 10, 31 жана 100 грамм салмактарда чыкты. 100 граммдыгы 235 миң сом деп бааланууда.

Улуттук банктын белгилешинче, куймалар сомду колдоо, анын учурдагы долларлашуу тенденциясына туруштук берүүсүн, инвестициялык мүмкүнчүлүктөр алдында турукташуусун камсыз кылуу максатында атайын финансылык инструмент катары киргизилүүдө.

Original url : www.azattyk.org

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...