Latest articles

Ноокендеги Кара-Үңкүр дарыясынан суу ташып жатат

Дээрлик он күндөн бери Ноокен районунун Сакалды айыл аймагында жайгашкан Кара-Үңкүр дарыясындагы суунун денгээли көтөрүлүп, ташып жатат. 15-апрелде жээкти коргоочу тосмонун 150 метр жерин суу алып кеткен. Андан бери коргонуу чаралары жүргөнүнө карабай, 25-апрель күнү кечке жуук дарыядагы дамбанын дагы бир бөлүгүн суу жууп, четтеги айдоо аянттарынын айрым жерлерин жараксыз абалга келтирди. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, ташкындаган сууну азайтуу иштерине 2 самосвал, 1 экскватор бөлүнгөн.

Original url : www.azattyk.org

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...