Latest articles

Окуучуларга   кубаныч тартуулады

Нарын облусунун Кочкор районуна караштуу Комсомол айылында жүз окуучуга эсептелинген заманбап үлгүдөгү жаңы мектеп ишке берилди. Мектептин курулушун тендерден утуп алган ЮНИС- курулуш ишканасы курду. Жалаң темир каркастарды тургузуп, аны керектүү жылуулукту сактай алчу курулуш материалдары менен тургуздук,-дейт курулуш ишканасынын директору Кайып Бектурганов. Жеңилдетилген курулуш иштерин жасоо биз үчүн жоопкерчилиги бир топ болду. Мектептин полунан баштап дубалдары дагы жылуулукту сактап турууга жөндөмдүү материалдардан тургузулду. Ошондой эле мектептин курулушу 9 баллдык жер силкинүүгө туруштук бере алат.

Курулуш ишин жүргүзүүгө баш –аягы 17 483 948 сом каралган. Бул мектептин курулушу дагы АРИСтин социалдык багыттагы курулуштарды куруу долбооруна кирген. «Карыздардын конверсиясыII - Коммуналдык инфраструктура» долбоорун ишке ашырууда дагы Коомчулукту өнүктүрүү жана иневестициялоо агенттигине чоң ишеним артылды. Анткени долбоордун көтөргөн жүгү ошончолук оор эле. Бул долбоорду ишке ашырууда башталган курулуштар Германиянын өнүктүрүү банкынын келишимдерди кайра карап чыккандан кийинки макулдашуусуна ылайык каржыланып келет. Кыскартып айтканда өткөн жылы президентибиздин Германияга болгон расмий иш сапарынын жыйынтыгы. Ошондон улам кыргыз элине Германиянын Өнүктүрүү банкынан берилген насыялардын эсебин кайтаруу каралган(?). Бирок кыргыз элине жеңилдик берилди. Ал мындайча чечмеленди, Кыргыз Республикасында социалдык багыттагы курулуштарды курууга Кыргыз Өкмөтү 3 млн. АКШ долларынын өлчөмүндө каражат жумшап, айталык мектеп, бала бакча, спорт залдар, ФАПтарды энергоэффективдүү технологиянын жардамы менен курса, Германия тарабы андан көбүрөөк ашык суммадагы насыяны кечип, кыргыз элинин карызын азайтмакчы.

Кандай болгон күндө дагы Комсомол айылынын жаш өспүрүмдөрүнө кубаныч тартуулаган жаңы мектеп заңгырап көзгө толумдуу көрүнүп турду. Ушул айылдан чоңойгон, эски мектептен билим алган, учурда кыргыз элине аттын кашкасындай таанымал инсандар мектептин ачылыш аземине катышып отурушту. Айгүл Рыскулова, Аликбек Жекшенкулов, облус жетекчилери жана башка көптөгөн инсандар бул күнү Комсомол айылынын эли менен бирге кубанды. Жаңы курулган мектептин бир классын бардык керектүү жабдуулары менен Айгүл Рыскулова үй -бүлөсүнүн атынан жасалгалап берген. Эми ал класстык бөлмөгө интер-активдүү доска алып берерин айтып өттү. «Көп түкүрсө көл болот»- демекчи жаңы мектепке деген ысык ыкыластарын билдиргендердин баары куру кол келбеген экен. Окуучулардын терең билим алуусуна жакшы шарттар түзүлөрү билинип калды.

Нуржамал Курманкулова

--

Айыл Деми АГОЦА

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...