Latest articles

Кыргызстанда 27-мартта Эл аралык «Эстутум эстафета» жараяны өтөт

27-мартта Кыргызстандын борборунда Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган эл аралык «Эстутум эстафетасы» жараяны өтөт. Бул иш-чара Көз карандысыз мамлекеттер шериктештигинин Парламенттер аралык ассамблеясынын демилгеси менен уюштурулган.

Анда Бишкек шаарынын «Жеңиш» аянтындагы Түбөлүк оттун тамызгысын алуу аземи жана «Жашыл толкун» жараяны – Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 70 жылдыгына арналган көчөт отургузуу иш-чарасы болот. Эске салсак, «Жашыл толкун» жараяны ушул жылдын 11-мартында Беларустун Минск шаарында башталып, андан ары Баку (Азербайжан), Кишинев (Молдова) шаарларында улантылган.

Баардык КМШ өлкөлөрүнөн алынган Түбөлүк от тамызгылары Санкт-Петербург шаарына жеткирилип, 16-апрель күнү КМШ ПААнын штаб-квартирасы жайгашкан Таврия сарайынын алдында өтүүчү салтанаттуу иш-чара алкагында КМШ ПААнын катышуучу-мамлекеттеринин өкүлдөрү тарабынан Шериктештиктин символу катары от тамызгылары бир бүтүнгө бириктирилмекчи.

Original url : saresep.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...