Latest articles

Кыш майрамы-2013

Кыш майрамы-2013

Жекшемби күнү Нарын шаарынын батыш чөлкөмүндөгү канат-бугилдик жолунда “Нарын кышы-2013” майрамдык иш чарасы өткөрүлүп, кышкы спорт оюндарынын сезону ачылды.

Климаттык шартка байланыштуу жылдагыдан бир аз кечирээк ачылса да шаар элине өзгөчө маанай тартуулаган кыш майрамы Нарын шаардык мэриясы, шаардык спорт комитети жана облустук балдар, уландар спорт мектеби тарабынан уюштурулду.

Бул күнү күн чыккандан баштап эле Төш-Булак аймагын көздөй агылган элди жагымдуу музыка алыстан чакырып, маршруттук таксилердин көпкө күттүрүп кеч чыкканынан маанайы чөгө түшкөн элдин көңүлүн тез эле көкөлөтүп койду.

Кыш майрамына арналган иш чараны Кыргыз Республикасынын Єкмєтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Абдыраимакунова, Нарын шаарынын мэри Баатырбек Жээналиев жана Тоо лыжа федерациясынын президенти Кубанычбек Абас уулу куттуктоо сөзүн сүйлөп ачып беришти.

Ошентип спорттук оюндарга кезек берилип, спорт мектебинин окуучулары үчүн тоо лыжасынын “слалом гигант”, “атайын слалом” мелдештери, ал эми мекеме-ишканалардын кызматкерлери арасында “чана жарыш”, “аркан тартыш” сыяктуу кызыктуу оюндар өткөрүлдү.

Натыйжада мекемелер арасындагы “аркан тартыш” оюнунда биринчи орунду Нарын шаардык ички иштер бөлүмү, экинчи орунду ОсОО “Жаңы курулуш” ишканасы, үчүнчү орунду Нарын шаардык мэриясы камсыз кылса, “чана жарыш” оюну боюнча биринчи орунду №8-А. Буйлаш уулу атындагы орто мектебинин окуучусу Жүзүмбай уулу Каныбек, экинчи орунду №9-А.Садыков атындагы орто мектептин окуучусу Таалайбек уулу Аманбек, үчүнчү орунду Нарын педагогикалык колледжинин студенти Казыбек уулу Нооруз жеңип алышты.

Ал эми спортчулар арасындагы тоо лыжасы боюнча жарышта биринчиликти 2000-2005-жылкы кыздар арасында №2- В.П.Чкалов атындагы орто мектебинин окуучусу Даткайым Кубанычбекова, ушул эле курактагы балдар арасында №9-А.Садыков атындагы орто мектебинин окуучусу Акниет Бекбоосун уулу, 1997-1999-жылкы кыздар арасында мектеп-лицей-интернатынын окуучусу Нарынбай кызы Бермет, балдар арасында ушул эле мектептин окуучусу Тилек Дүйшөбаев жана 1995-жылкы балдар арасында мектеп-лицей-интернатынын окуучусу Абыл Келдибеков камсыздап, кызыктыруучу сыйлыктарга татыктуу болушту.

Тоонун таза абасы, аппак кар, жагымдуу музыка жана тоо койнундагы кызыктуу спорт оюндары кыш майрамына баргандар үчүн көңүлдүү эс алуу тартуулады.

Нарын облустук балдар, уландар спорт мектебинин деректири Кубанычбек Дүйшеевдин айтымында, кыш майрамдары ар жуманын эс алуу күндөрү жаз келгенге чейин улантыла бермекчи.

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...