Latest articles

Талант Баатыралиев, Саламаттык сактоо министри: «Реформаны күндө кыйкырып чыгуучу ураан катары көрбөшүбүз керек»

--Талантбек Абдуллаевич, министрлик кызматка келүүңүз тууралуу сурагым келип турат. Буга чейин министр болоюн деген оюңуз бар беле же күтүүсүздөн болдубу? Алгач сунушту укканда кандай кабыл алдыңыз?

--Министрлик кызмат бул -- жүк, элдин жүгү. Саясий кызмат. Ушул күнгө чейин эч кандай партияга, саясий оюнга кирген жокмун. Өмүрүмдүн баарын билим, практика, кадр даярдоого жумшадым. Колумдан келишинче жаңы система менен өлкөмө инвестиция тартууга аракет кылдым. Алгач мага министрлик кызматты сунуштаганда таң калдым, мен эч кандай партияда болбосом, булар тамашалап, күлүп жатышат го деп ойлодум. Бирок, мен 20 жылдын ичинде кандай гана тармак болбосун, жеке адамдар болбосун, жардам берип келгем. Демек, мени таанып билишет, иштери түштү, аны да аткарышым керек болду. Алар мага чу дегенде эле оор тапшырма коюшту. Баарыбызга эле маалым болгондой абал оор, акча жок. Ушул кыйын кырдаалдан чыгууну, дары-дармектерди сатууну тартипке келтирүү, жаңы имараттарды куруу, инвестиция тартуу сыяктуу тапшырмалар берилди. Чынын айтканда, бул тармакка тийиштүү болгон адамдарды жардамга чакырдым. Анткени, Саламаттыкты сактоону четтен келген донорлордун же гранттын эсебинен көтөрүү мүмкүн эмес. Ошондуктан кандай гана кыйынчылык болбосун өзүбүз аракет кылып, мамлекеттик кызыкчылыгыбызды коргошубуз абзел.

--Жакында эле «Ден соолук шаарчасы» долбоорун Жогорку Кеңешке сунуштадыңыз. Ал долбоордун максаты жана пайдасы тууралуу кененирээк токтоло кетсеңиз?

--Өзүңөр билгендей өлкөдөгү экономикалык абалдын начардыгына карабастан өкмөт бюджеттин көпчүлүгүн социалдык тармакка бөлүп жатат. Ошол тармактардын бири бул медицина. Быйыл социалдык камсыздандырууга 15 миллиарддан ашык акча бөлүнсө, анын 2 миллиардга жакыны саламаттыкты сактоого бөлүнгөн. Бирок, анын 90 пайызынан көбү айлык маянага кетет. Жаңы ооруканаларды курууга, эски имараттарды оңдоого, заманбап аппараттарды алууга мүмкүнчүлүк жок. Бул учурда оор акыбалдан чыгуунун бирден бир жолу инвесторлорду тартуу. Ал эми ден соолук шаарчасын курууга Түркия, Корея жана Кытайдан келген инвесторлор кызыгып жатышат. Алар курула турган жерди көрсөткүлө, кайсы жерге курабыз анализдешибиз керек дегенде, көрсөтө турган жерибиз болгон жок. Буйруса, долбоорду ачыктадык, аны биринчилерден болуп КСД партиясы колдоп беришти. Чүй облусунун губернатору да маселенин үстүндө иштеп жатат. Бул маселени баары колдоп берүүлөрүн өтүнөт элем. Өлкөбүздүн булуң-бурчундагы кайсыл гана оорукана болбосун эски, совет доорунда курулган. Ошондуктан биз кааласак да, каалабасак да заманбап ооруканага муктажбыз.

--«Ден соолук шаарчасы» бизге канчалык деңгээлде зарыл жана ал кандай талаптарга жооп бериши керек?

--Ал шаарча Бишкек шаарынан алыс эмес аймакта 50-100 гектар жер тилкесине курулуп, медициналык кызматкерлер, бейтаптар, аларды карап жаткан адамдар үчүн турак жайлар жана медициналык клиникалар жайгашат. Ичи заманбап жабдуулар менен толтурулат. Ал оорулууларга сапаттуу кызмат гана көрсөтпөстөн арзан баада да тейлениши керек. Биз шаарчаны эптеп-септен курууга бел байлабашыбыз керек. Ал оорукана гана болбостон архитектуралык жактан шаарга кооздук да берип турушу зарыл.

--Медицина кызматкерлери айлык маянанын аздыгына даттанып келишет. Ошол эле мезгилде бул тармакта коррупциянын күч экени да баарына маалым. Ушул маселени чечүүнүн жолдору барбы?

--Туура айтасыз, саламаттык тармагында эмгектенгендердин айлык маянасы өтө төмөн. Жаңы келген министр катары айлык маянаны 2 эсе көтөрүп берем десем популизм болуп калат. Анткени, маянанын көтөрүлүшү экономиканын өсүшүнө байланыштуу болот. Мисалы, былтыр 1400дөн ашык адис окууну бүтүрсө алардын көпчүлүгү алыскы аймактарга барбай шаарда калып калат. Мунун себеби маянанын аздыгы, шарттын, жергиликтүү бийликтер тарабынан камкордуктун жоктугу. Элестетсеңиз, жаңы бүткөн адис Чаткалга же Ала-Букага барып 4500 миң сом алып кантип жашайт. Ал эми коррупция маселесине келсек, азыр кайсыл гана бейтап болбосун акча бергенин айтат. Бирок, алардын баары кайсы врач канча алды арыз жазып бер десең жазышпайт. Элибиз да бергенге көнүп калган. Ошол акчаларды чөнтөккө түшүрбөй касса аркылуу багыттуу колдонуп, анын эсебинен маянаны көбөйтсөк болот.

--Жыйырма жылдан ашык чет өлкөдө жүрсөңүз да медицина тармагыбыз тууралуу маалымат алып турсаңыз керек. Министр болуп келгениңизден кийин бул тармакты жакшылап изилдеп чыкканга мүмкүнчүлүгүңүз болду. Биз кайсыл жагынан аксайт экенбиз?

--Албетте, 25 жылдын ичинде Кыргызстанга келип-кетип жүрдүм. Дайыма эле сындай бергенден эч нерсе өзгөрбөйт. Салыштырмалуу карашыбыз керек. Биринчи маселе, имараттарыбыз аябай эски, заманбап аппараттарды койгонго ылайыктуу эмес. Экинчиден, кадр маселеси. Кадрларды даярдоо үчүн база болушу зарыл. Базаларыбыз да, совет доорундагы техникалык, диагностикалык жабдууларыбыз да эски боюнча калган. Биздин кадрлар кандай шартта даярдалып жатат көңүл бурушубуз зарыл. Мыкты кадр даярдоо үчүн албетте мыкты шарт керек. Совет мезгилинде биздин врачтарыбыз ССCРдин булуң-бурчуна барып билимдерин өркүндөтүп келчү. Азыр андай мүмкүнчүлүктөр жок. Ошон үчүн эски имарат, эски аппараттардын астында калып атабыз. Врачтарыбыз маянанын аздыгына карабай аракет кылып иштеп жатат. Шарт жок деп отура бербей чет өлкөлөрдөн адистерди чакырып бул жерден даярдоого аракет кылуудабыз.

--Сиз мындан 7-8 жыл илгери эле саламаттык сактоо тармагына реформа жасоо керек деген пикириңизди айткан экенсиз. Мына өзүңүз министр болуп мүмкүнчүлүк түзүлдү, эми реформа жасай аласызбы?

--Буйруса реформаны жасайбыз. Аны машинанын бир тетигин алып ордуна башканы коюп койгондой көрбөшүбүз керек. Медицина тармагында 37 миңден ашык медайым, 12 миңден ашык врач иштейт. Алардын аң-сезимин бир күндө эле башка нукка буруу мүмкүн эмес. Ал үчүн системаны өзгөртүү зарыл. Реформаны күндө кыйкырып чыккан ураан катары көрбөшүбүз керек. Реформанын бирөөсү бул коррупцияга каршы күрөшүүнүн башка ыкмасын ишке киргизүү. Ал аппаратта иштеген кызматкерлерден тартып дары-дармекке чейин онлайн системинде ачык болуусу үчүн улуттук билги банкасын курабыз. Мисалы, дары-дармектер бажыдан киргенинен тартып, кайсыл жерде жатат, каякка сатылды, мөөнөтү качан бүтөт көрүнүп турушу зарыл. Келген жабдуулардын кайсыл аймакка берилди, кандай иштеп жатат, канчага чейин иштеши керектиги системада болушу абзел. Мен алгач Түркияга барганда алардын кейпи так эле биздикиндей болчу. Ооруканалары эски, кимди көрсөң арызданчу. Азыр болсо Түркия реформа жасоо боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Алар конкуренцияны киргизип койду. Жарышуу болгондо сөзсүз өнүгүү болот эмеспи. Мен ошол реформанын так ичинде болдум. Биз ошонун 60-70 пайызын эле киргизип алсак жакшы болот.

--Дары-дармектер тууралуу айтып калдыңыз, бүгүнкү күндө алардын сатылышын көзөмөлдөгөн бир да орган жок. Мөөнөтү өткөн дарылардын келип жатканы айтылып эле жүрөт. Калктын саламаттыгы үчүн дары-дармектер көзөмөлдө болушу керек да. Дары сатуу тармагы жеке менчик болсо да аларды көзөмөлдөөнүн жолу барбы?

--Албетте, текшерүүлөр болот. Бирок ошого карабай мыйзамсыз алып өтүү, мөөнөтү бүткөн дары-дармектерди ташуу болуп келет. Жакында эле бажыдан 225 миң пачка диазепам кармалды. Өлкөгө кирген ар бир дары мамлекеттин көзөмөлүндө болушу шарт. Бүгүнкү күндө дары сектору 100 пайыз жеке менчик. Биз ошого карабай көзөмөлгө алышыбыз зарыл. Жогоруда улуттук билги банкасын түзүү керек дегеним ошондон.

--Ошону менен катар дары фирмалары менен иштешкен врачтар оорулууга пайдасыз дарынын да жазып беришкенин көпчүлүк билип калды. Бул нерсеге кантип бөгөт койсо болот?

--Андай учурлар, кемчиликтер болуп жатат. Өткөн жылы дары фирмалары менен иштеген врачтардын видеолору да чыккан экен. Бул ар бир врачтын аң-сезимине, уятына байланыштуу. Акча табам деп эле жарандардын ден соолугун акчага алмаштырганы туура эмес. Андан сырткары, жарандарыбыз да өзүнө-өзү врач болуп алышкан, башы ооруса анальгин ала коюшат. Балким башы ооруса кан басымы көтөрүлгөндүр. Ошондуктан сөзсүз түрдө текшерилиши зарыл.

--Кадр маселесин жакшы айтып кеттиңиз. Өз демилгеңиз менен жаштарды Түркияга окууга жөнөтүп жатасыз. Алар кандай критерийлер менен тандалып алынат? Кандай талаптарга жооп бериши керек?

--Кадрларды чет мамлекетке окууга жөнөтүүнү министр болгонго чейин эле баштагам. Учурунда четтен окуган адистер чет мамлекеттерде иштеп жүрүшөт. Ошто, Жалал-Абадда, Бишкекте тажрыйба алмашып келип иштегендер бар. Биздин мүмкүнчүлүк жок болгондуктан аксап жатабыз. Түркиядагы университеттердин ректорлору менен жеке мамилем аркылуу жаш адистердин окуп келүүсүнө шарт түзүп жөнөтүүгө аракет кылып жатам. Түркияда атайын жаш адистерди колдоо боюнча программалар ачылган. Түркиянын билим берүү министрлигинин, билим академиясынын сайттарына кирип долбоорлорду карап сунуш кылса болот. Алар объективдүү түрдө тандоого даяр. Жакында Түркияга 3, Германияга 15 бала кетип жатат. Азыр четтен барып билим алып келейин дегендер аз. Баары эле бекер болсо дейт. Эч жерде бекер нерсе жок. Окуусу бекер болсо жол киресине өзү табыш керек, жол кире бекер болсо тамак-ашына өзү табыш керек. Эң негизгиси жаштардын тил билбегени маселе жаратууда. Бул жерде акчалай эмес тил билүү зарыл. Эгерде мыкты адис болом десең чыгымдан качпай окуш керек.

Парахат Шукурова

Original url : de-facto.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...