Latest articles

Токтогулдуктар өкмөттүн жообун 26-февралга чейин күтүшөт

Электр жарыгына болгон бааны арзандантуу талабынын аткарылышын токтогулдуктар 26-февралга чейин күтмөй болгонун "Азаттыкка" демилгечи топтун төрагасы Жайлообай Ташыкул уулу билдирди. 17-февралда райондон барган демилгелүү топтун өкүлдөрү вице-премьер министр Валерий Дил баштаган өкмөт мүчөлөрү менен жолугушуп, алар койгон талаптарды талкуулашкан. Акыркы жыйынтыкты алар 26-февралга чейин чыгармай болду, - дейт Ташыкул уулу.

5-февралда Токтогул районунда электр жарыгынын тарифтерин арзандатуу талабы менен митинг өтүп, митингчилер талаптарына жооп берүүгө өкмөткө 12-февралга чейин убакыт чектеген.

Original url : www.azattyk.org

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...