Latest articles

Америкалык сноубордчулардын сапары Караколдо уланууда

АКШ сноубордчулары, олимпиадалык оюндардын катышуучулары Фей Гулини менен Жастин Рейтер Каракол тоо-лыжа базасына келишти.

Алар Каракол шаарындагы жана Ак-Суу районундагы балдар үйлөрүнүн тарбиялануучуларын сноуборд тебүүгө үйрөтүшүп, тоо спортунун бир канча түрлөрү боюнча машыгууларды өткөрүшөт.

Америкалык спортчулардан 25 бала сабак алганы жатат. Иш-чара эки күнгө созулуп, анын алкагында сынактар, эстафеталар уюштурулат. Таланттуу балдарга белектер берилет.

Америкалык сноубордчулар буга чейин Бишкектеги «Чуңкурчак» лыжа базасында болушкан.

Иш-чараларды АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин колдоосу астында «Жетим балдардын укугун коргоо» коомдук фонду уюштурууда.

Original url : www.azattyk.org

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...