Latest articles

Кыргызстан-Тажикстан ынтымактыгы боюнча китептин бет ачары болду

Тышкы иштер министрлигинин К. Дыйканбаев атындагы Дипломатиялык академиясында Тажикстандын Кыргызстандагы элчиси О.Рахимовдун лекциясы болду. Бул тууралуу КРнын Тышкы иштер министрлигинен 18-февралда маалымдады.

Маалым болгондой, иш-чаранын алкагында саясий илимдердин доктору У.Саралаевдин “Кыргызстан-Тажикстан: ынтымактуу коңшулук, ишенимдүү жана эки тарапка тең пайдалуу мамиле” китебинин бет ачары болду.

Аталган китеп сырткы саясат мекемелеринин жана уюмдардын кызматкерлерине, политологдорго жана эл аралык эксперттерге ылайыкташтырылган.

Иш-чарага аталган академиянын ректору Н.Айтмурзаев, “Кыргызстан дипломаттары” коомдук бирикмесинин төрагасы Э.Асаналиев, Кыргызстанда жашаган тажик диаспорасынын өкүлдөрү, студенттер катышты.

Original url : www.maralfm.kg

Only registered users can post comments. If you have account, please signin here.
Only registered users can post complaints. If you have account, please signin here.

No comments so far...